Түзүм жаңылыктары
Физфакта "Сүйүү күнүнө" карата концерттик кече өткөрүлдү
Физфакта "Сүйүү күнүнө" карата концерттик кече өткөрүлдү
15.02.2016 10:47
14-февралды кээ бир жаштар “Сүйүү күнү” деп абдан күтүп, майрамдап жүрүшсө, калгандары үчүн - катардагы эле кадимки күн. Кандай болгон күндө да, студенттер бул күндү белгилеп, ар кандай оюн-зоокторду өткөрүп келишүүдө. Мисалы, 2016-жылдын 12-февралында №6-окуу имаратынын 7–дарсканасында физика жана электроника факультети тарабынан бул күнгө карата концерттик кече уюштурулду.
Кечени уюштурууда 2–курстун студенттери активдүү катышып, жалпы жамаатка майрамдык маанай тартуулашты.
Боскеева Гүлбарчын - Студенттер кеңешинин мүчөсү:
- Урматтуу эже–агайлар жана студенттер! Баарыңыздарды “Сүйүү күнү” менен куттуктаймын!
- Бул майрам ар кандай талаш–тартыштарды жаратып келет. Бирок, жөнөкөй күндү да майрамга айлантып алсак болот. Бул күн майрам эмес болсо да, "жөнөкөй күндү майрамга айлантабыз" - деп 2–курстун студенттери тарабынан даярдалаган кечеге уруксат берели. Баарыңыздардын ар бир күнүңүздөр майрамдай өтсүн.
- Рим императорунун доорунда жашаган христиан дининин өкүлү Валентин тыюу салынганына карабай, аскерлерди үйлөнтүп, никесин кыйган. Ал 14–февралда өлтүрүлгөн. Мына ошол күн “Валентин күнү”, б.а. “Сүйүү күнү” болуп калган.
Кечеде М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинен келген студенттер жана жаш эстрада ырчылары ырдап, бийлеп беришти. Факультеттин 2–курсунда окуган бийчи кыздар да студенттердин маанайын көтөрүштү. Иш- чарада кызыктуу оюдар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди.
"Сүйүү күнүнүн" соңунда КУУнун Студенттер кеңешинин төрагасы Касмакунов Ынтымак физика жана электроника факультетинин студенттерин бүгүнкү майрам менен куттуктап, өнөрлөрүн көрсөткөн өнөрпоздорго жана конокторго ыраазычылык билдирди. "Ар дайым жүрөгүңөрдө сүйүү жашасын", - деп сөзүн жыйынтыктады Студенттер кеңешинин төрагасы.
Катышуучулардын айтымында, бул иш чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү.
Материалды даярдагандар:
- Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
- Боскеева Гүлбарчын - Студенттер кеңешинин мүчөсү