Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

С.С.Гапаров: "Тарбиянын жакшысы, тагдырдын ачкычы"

Тарбиянын жакшысы, тагдырдын ачкычы.

altГапаров Сүйүн

«Саясат жана маданият таануу» кафедрасынын ага окутуучусу

Аннотация.

Макалада моралдык-эстетикалык нормалар, адеп-ахлактык жана патриоттуулук, элдик үрп-адаттар, каада-салттар, жүрүм-турум маданияты, дин сабаттуулугу, экологияны сактоо баалуулуктардын, жогорку окуу жайларындагы студенттерге, мектеп окуучуларына зарылдыгы жана милдеттүүлүгү тастыкталып көрсөтүлгөн.

“Маданият” көп мааниде жалпы алганда, чындыкты кайра түзүүдө адамдын мүмкүндүктөрү менен жөндөмдүүлүктөрүн аныктоого жана өнүктүрүүгө багытталган адамдын чыгармачылык ишмердүүлүгү маданият катарында түшүндүрүлөт.

Азыр элдердин маданиятын өнүктүрүү үчүн чоң мейкиндик пайда болду. Акыркы жылдарда маданият тармагында жетишкен позитивдүү көрүнүштөр буга мисал: маданият процесстерге эркиндик берүү жана аларды демократташтыруу, көптөгөн тыюу салууларды жана чектөөлөрдү алып таштоо коомдук аң-сезим жана маданият чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү зор жылыш экендигин турмуш тастыктоодо. Мына ушунун баары коомдун рухий турмушунун азыркы абалын терең жана ар тараптан анализге алуунун зарылдыгына шарт түзөт. Натыйжада эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргыз улутунун бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну, кара жорго бийи, акындардын айтышы, манас айтуу бүгүнкү күндө маданият тармагында көптөгөн жаңылыктан болуп жатат. Мисалы, Казань шаарында 2013-жылы болуп өткөн түрк элдеринин театралдык “Нооруз” фестивалы болуп өттү. Бул фестивалга Бишкек шаардык Арсен Омуралиев атындагы театр артисттеринин катышуусу менен биргеликте, Учур теле театры, Муса Асангазиев атындагы куурчак театрларынын чыгармачылык ийгиликтери көптөгөн театр сүйүүчүлөрдү кубандырды. Атай Мурзаков Чехия, Украина, Германияга барып бий боюнча көптөгөн сынчылардын купулуна толгудай мактоолор менен келди.

Ушундай далилдерди алсак кыргыз маданияты өнүгүү жолунда. Эми Орто кылым мезгилине кайрылып көрсөк Жусуп Баласагын өңдүү алп акындардын баалуу эмгектеринде билим бул ыймандуулук деген көз карашын айтат. Айрыкча анын “Бардык ырахаттуулук илимде, улуулук таанып билүүдө деген сөзү таасын айтылган. Ата-бабаларыбыз бир гана жакшы сөз менен жооп берип койгон. “Тарбиянын жакшысы, тагдырдын ачкычы”. Бардык нерсе үй-бүлөдөн башталат. Маданият бул элдин акыл-эси, ар-намысы, жоопкерчилиги, ынтымагы, дили, тили, аруулукту сактаган, адилеттикти сатпаган ата-бабаларыбыздын сөзү. Кыргыз улуту байыртадан катылганды ката билген, кыйналганды бага билген, баба сөзүн сактай билген, эне сүтүн актай билген, алтынга сатылбаган, жоомарт, эр-жүрөк, айкөл, боорукер, кечиримдүү, эмгекчил эл болгон. Маданияттын ар кыл багыты бар деп эсептеймин. Ошол багытка жараша ар кандай иш алып барылат. Мисалы, мен студент кезде Советтер Союзунун учурунда чектелген болсо да, бул тармак мамлекеттик денгээлде чоң жоопкерчиликке алынып октябрят, пионер, комсомол, коммунист, ата-эне, мектеп болуп ушунчалык көңүл бурулуп келген.

Эгемендүүлүктү алгандан бери маданиятка айрыкча мектеп өспүрүмдөрүнө талаптагыдай ата-энелер жана мамлекет көңүл бурбай жаткандыгы мени өксүтүп өкүнүчкө салат. Бирок адамзат жашап жаткандан кийин эстетикалык тарбияга муктаж болот.

Кыргыздар өз алдынчылыкка жеткен күндөн баштап, келечегин аныктоо үчүн өткөндөгү тарыхын, маданиятын үйрнүүгө мажбур болду. Азыркы кыргызстанда социалдык жана экономикалык абалдын айынан Кыргыз республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүүнү камсыз кылуу компетенциясына билим берүү уюмдарын өнүктүрүүгө жана жарандардын билим алууга укуктарын камсыз кылуу кирет. Учурдагы мектеп окуучуларынын көйгөйлөрүн, адебин айтып кетүүгө туура келди. Окуучулардын мектепке келди-кеттиси, таята, чоң энелеринин, жакын туугандарынын же болбосо улуураак балдар, кыздарынын колунда калган окуучулар, ошондой эле бир партада үчтөн-төрттөн отуруу, батыштын фильмдери, телефондор, агенттер көзөмөлгө алынбагандыгы себеп болуп отурат. Негизги себептери күчөгөн миграциянын көптүгү, кээ бир окуучулардын окубай калышынын себептери арбын. Мисалы: Расмий никелеринин жоктугу, ата-энелеринин сабатсыздыгы, укуктук документтеринин жоктугу, жумушсуздук, турмуштук оор кырдаал, ата-энесинин ажырашып кеткендиги жан дүйнөмдү кейитбей койбойт. Бишкектеги ички миграцияда жүргөн квартиранттардын балдарынын көпчүлүгү мектепке барбагандар. Дордойдо иштеп жаткан балдарга тентип жүргөн криминал топтордун таасири өтө чоң. Базардын күн-чыгыш жагында мусорлордо жаш өспүрүм балдардын түрүн жолуктурууга болот. 9-класстан кийин окубай койгон балдардын Социалдык көйгөйү күч. Адашкандар үй-шарты жакшы болсо да алардын туткунуна түшүп калууда.

Менин бүгүнкү күндө бул темага кайрылуумдун себеби, башымдан өткөн күтүүсүз окуядан улам чыгууда. Кошуна 15-20 жаштагы балдар тез арада акча табууну көздөгөн. Өз балдарыбыздын колуна пистолет жана потрон менен өздөрүнүн ата-энелерине кылмыштуу жол менен эч кандай аёо сезимсиз кол салышып, өздөрүнүн башындагы материалдык муктаждыктарды чечүү үчүн бир кошунадан 500000 сом, экинчисинен 150000 сом алып кеткенден кийин Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык Свердлов районунун сотунда болуп, жабырлануучулар сот чечим чыгарганга чейин балдардын жаштыгын көрүп кечирген. Ошондон улам маселени ортого коюудан мурда жаштар бул коомдун келечеги дейбиз. Бүгүнкү күндө жаштардын идеялары кандай болсо, жашоонун маңызын, баалуулугун эмнеден көрсө коомдун келечеги да ошондой болот деген түшүнүк менен жашап келет. Мына ошондуктан жалпы адамдын акылы жана жүрөгү үчүн болгон күрөш учурда идеялык күрөштүн башкы маселелеринин бири болууда. Жогорку Кеңештин тез арада эстетикалык, нравалык-идеологияык тарбияны мыйзамдан жогору коюулары зарыл. Коом менен жаштар ар-дайым тыгыз байланышта болуулары абзел. Ошондуктан жаш өспүрүмдөр окуп, билим алышып, турмуш тажрыйбасын топтоп, толук кандуу, активдүү күчкө айланышып мамлекет менен бирдикте иш алып баруу керек. Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз деген туура эмес. Ошонун артынан кандай коркунучтуу муун пайда болду. Жалпы кыргыз элинин жана Жогорку Кеңеш, парламенттеги депутаттар, өкмөт башчылары, жогорку окуу жайлардагы студенттер, мектеп окуучулары биргеликте коомубузда жүрүп жаткан демократиялык реформаларда жаштардын активдүү катышуусуна моралдык-эстетикалык нормаларды, адеп-ахлахтык жана патриоттуулукту, Ата-мекенди сүйүү менен бирге элдик үрп-адат, каада-салттардын мыкты үлгүлөрүн, жүрүм-турум маданиятын, дин сабаттуулугун, тескери агымдарга кирип кетпөөнүн, тынчтыкты сүйүп кадырлоо, экологияны сактоосун ишке ашыруусу зарыл, милдеттүү. Жаштарга берилип жаткан тарбиянын кайсы багытта экендигине жана ошону менен биргеликте алар жашап жаткан азыркы коомдун саясий-социалдык жана маданий өнүгүүнүн муктаждыктарына жараша болору белгилүү.

Бүгүнкү күндө жаштар бир күндүк тамак үчүн өмүр сүрүп калышкан. Кыргызстандын Ала-Тоо, ак калпак, адам зат үчүн такыр кызыгышпай коюшкан. Теледен көрүп отурсаң баңгилик менен ичимдикке берилип, 2 жашар кызды зордуктап, ыймансыз ишке барышкан. Ушулардын бардыгынын негизги себеби мамлекеттин өз элин өз жеринде жумуш менен камсыз кылалбагандыгынан деп эсептеймин. Айла жок кудайга алып барчу жолду издеп диндердин ар кайсы агымдарына кошулууда. Менин байкашымча өзүн-өзү камсыз кыла алган, коомдук иштерге активдүүлүгү жок жаштар көбөйүүдө. Мурдагы мекени жок цыгандардын жолдоруна түшүп алгансыйт. Ала-Тоо жергебизге жоопкерчиликсиз мамиле жасагандар: жаш кылмышкерлер, наркамандар тагыраак айтканда, биз демократиянын шарданы менен эгемендүүлүктү алган жылдардан кийинки балдарыбыз болуп жатпайбы. 1991-жылдардан баштап рухий байлыктардын ордуна күнүмдүк көр оокат акча, мансап формуласы үстөмдүк кылууда. 70-жылдагы СССРдин тарбиясы тепселенип талкаланууда. Мурунку эмгекке болгон мамиле кайда? Талыбас эмгек аркылуу гана ийгилик алат элек го. Ал эми азыр болсо адамдар моралдык жактан таза болбой калды, алдагандарга, тоногондорго жөндөмдүү болгондордун иши жүрүп, ити үрүп чыга келди. Натыйжада, жаштар жеңил жолдорду издешип, өз кесибин сүйбөй баратышат. Батыш маданиятына азгырылган жаштар улуттун тарыхына, маданиятына, тилине кызыгып да коюшпайт. Кээ бир студенттин жообунда тил маданиятын баалабай түздөн-түз эле кыргыздын уул-кыздары коомчулук бар жерде кыргызча сүйлөгөндөн уялышат. Мунун өзү азыркы учурда өз тилин, дилин сүйбөгөн “маңкуртчулук” деп аталат. Жаш муундун моралдык, адеп-ахлахтык, интеллектуалдык мүнөзү чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында талкууланууда. Тынымсыз боевик криминалдык мүнөздөгү, ачык түрдө сойкулук дисктери, автомат оюндары, кинофильмдерди даңазалоо батыштын жашоо образын мактоонун кесепетинен жаңыдан турмуш кадамын аттаган кыргыз атуулдарынын руханий дүйнөсүн алсыратып, жаш кыргызстандыктардын аң-сезимин криминалдаштырып, жаштар чөйрөсүндө агрессивдүүлүктүн күчөшүн алып келүүдө. Агрессиянын айынан канча жарандарыбыз өзүнүн жеринде, өзүнүн үйүндө, өзүнүн уулдарынан коркуп жашашат. Эмне үчүн мамлекет өзүнүн жарандарын мыйзамдуу түрдө кепилдикке алып коргой алышпайт.

Сунуш: бүгүнкү күндөгү өнүгүүнүн таасири астында үрп-адат, каада-салттар күчүн жоготпош керек. Тарбия менен билим берүүнү күчөтүү инсанды калыптандырууда рухий дөөлөттөргө басым жасоо кажет. Мамлекет билим берүү мектептеринин жана ал жердеги эмгектенип жаткан тарбиячылардын эмгек акысын көбөйтүп, кайрадан “агартуучу” деген наамына келтириш керек. Ар бир жогорку окуу жайындагы окутуучулар предметтик лекциясын окуй бербей үч мүнөт этика, адеп-ахлах маселесине да сөзсүз көңүл буруп коюшубуз керек. Окуучулардын, студенттердин патриотизм, Ата-журтка болгон сүйүүсүн күчөтүү керек. Эң негизгиси кыргыз мамлекетин сактап, акыркы гүлдөгөн зоводу бар, жеңил өнөр-жайы, мал жана айыл чарбасы өнүккөн, чек-аралары бекемделген өлкөгө айландырган жан-дили менен берилген чыныгы уул-кыздарыбыз - бүгүнкү күндөгү келечек муундарыбыз.

Эгерде биз келечекте өсүп келе жаткан жаш муундун моралдык, адеп-ахлахтык, интеллектуалдык муунду өстүрөбүз десек тез арада Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу өкүлдөрү тарабынан уул-кыздарыбыздын мектепти толук кандуу аякташына, ата-энелери мыйзамдуу түрдө чоң жоопкерчиликти өз моюндарына алышы зарыл. Убактылуу болсо дагы тез арада ушундай мыйзам чыгарууңузду өтүнөбүз.