Түзүм жаңылыктары
Чет тилдер факультетинде түрк тили боюнча конкурс болуп өттү
Чет тилдер факультетинде түрк тили боюнча конкурс болуп өттү
28.05.2014 11:28
2014-жылдын 23-майында чет тилдер факультетинин "Түрк тили" бөлүмүндө студенттердин билим деңгээлин текшерүү максатында конкурс өткөрүлдү. Сынакка ЛМКТ-1-11 жана ЛМКТ-2-11 группаларынын студенттери катышып, өздөрүнүн таланттарын, тапкычтыктарын жана түрк тилин өздөштүрүү деңгээлин көрсөтүштү.
3-курстун студенттери “Zaman” (ЛМКТ-1-11) жана “Pamuk Prens ve 7 Cüceler” (ЛМКТ-2-11) командаларына биригишип, төмөндөгү тапшырмаларды аткарышты:
1. Саламдашуу жана команданы тааныштыруу,
2. Түрк макал-лакаптарына байланыштуу суроолор
3. Түрк тилинде текст кураштыруу
4. Кроссворд толтуруу,
5. Суроо-жооп
6. Скетч
Сынактын жыйынтыгында “Zaman” командасы 51 упай менен “Pamuk Prens ve 7 Cüceler” (50,5) командасын жеңип чыкты.
Иш чарада о.э. студенттер арасында да конкурс өткөрүлүп, төмөнкү студенттер орундарга ээ болушту:
1-орун: Абдыкеримова Миргүль (ЛМКТ-1-11)
2-орун: Кадырова Гулбара (ЛМКТ-1-11)
3-орун: Ырысбай кызы Дамира (ЛМКТ-2-11)
Уюштуруучулардын айтымында, студенттердин билим деңгээлин текшерүү өз максатына жетти.
Материалды даярдагандар:
Элебесова Б.Б., Исмаилова А.И.