Түзүм жаңылыктары
СГИФте «Кылымдан кылымга" аттуу сый галерея ачылды
СГИФте «Кылымдан кылымга" аттуу сый галерея ачылды
30.04.2014 11:29
2014-жылдын 29-апрелинде социалдык жана гуманитардык илимдер факультетинин «Жогорку мектептин педагогикасы» кафедрасы жайгашкан 221-бөлмөдө Пед-10 группасынын демилгеси менен уюштурулган «Кылымдан кылымга» аттуу сый галереянын ачылышы болуп өттү.
Көргөзмөдө аталган кафедранын өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон окумуштулардын жана кафедраны жетектеген чебер мугалимдердин сүрөттөрү илинип, алар тууралуу кыскача маалыматтар берилди.
Иш-чарага көрүнүктүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунович Мамбетакунов; педагогика илимдеринин доктору, профессор Нурбүбү Асаналиевна Асипова; “Саясат таануу” кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, философия илимдеринин доктору, саясий илимдердин доктору, профессор Мэлс Табалдиевич Артыкбаев; социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек жана “Жогорку мектептин педагогикасы” кафедрасынын жалпы жамааты катышты.
Сый галереяда төмөндөгү инсандар тууралуу маалымат берилди:
- Аулис Якобович Арет - окумуштуу педагог, психолог, педагогика илиминин доктору, профессор;
- Балтабаев Мукаш Руставлетович - педагогика илиминин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;
- Азиз Эминович Измайлов - көрүнүктүү педагог-окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, СССР Педагогикалык илимдер академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги, Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер;
- Бекбоев Исак Бекбоевич - педагогикалык илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз республикасынын эл мугалими;
- жана башкалар.
Материалды даярдагандар:
«Жогорку мектептин педагогикасы» кафедрасынын кызматкерлери
