Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Айжан Каролова: "Кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн зарылдык керек"

altКаролова Айжан Муратбековна

Юридикалык институттун мамлекеттик тил боюнча башкы адиси

Өлкөбүздө “мамлекеттик тилди өнүктүрүш керек” деп какшап теледен, радиодон, маалымат каражаттардан канчалык айткан менен тил маселеси курч бойдон калууда. Ар ким өз кызыкчылыгын ойлогон, жеңилине качырган заман болуп жатат. Мурдагы даяр маалыматты чогултуп орус тилинде эле сабак өтө берейин “кыргызча материалды кайдан тапмак элем” деп башын оорутуп изденгиси да келбегендер анадан көп. Ал эми окуучу, студент деле “алма сабагынан ашып түшпөгөн” сыңары ал да интернетти казып эптеп болжолдуу куралган даяр маалыматты көтөрүп жөнөйт. Мына ушунун баары зарылдыктын жоктугунан, талаптын жоктугунан келип чыгып жатат. Тил мыйзамынын кабыл алынгандыгына көз ачып биз талашып тартышып, тилди саясатка айлантып, кичиней нерсени тоодой кылып таалкууларды өткөрүп, анысы аз келгенсип өз эне тилибизди үйрөнөлү деп бир канча акча сарптап акысыз курстарды уюштуруп жатканча 25 жыл өттү. Ушул өтүп кеткен 25 жыл мурда эле тил мыйзамында так, дана эле көрсөтүлгөн беренелерди сактап ошол мыйзамды бузбай аны бийлик башындагылар ачып карап, тил мыйзамынын негизинде иш жүргүзүп колдонуп келсе, азыркыдай маселе деле жаралмак эместир. Мисалы 27-беренеде “Көрнөк жарнактар а дегенде малекеттик тилде жана башака тилдеги жарнаманын арибинен чаңураак өлчөмдө жазылышы керек” экендиги белгиленген. Демек, 25 жылдан бери көрнөк жарнактар кыргызча бажырайып илинип турганда азыркыдай таңкалуу менен карап, “ээ бул сөздүн кыргызчасы бар турбайбы?” деген сыяктуу кээсине танкалычтуу, кээсине күлкүлүү суроолор туулмак эмес. Менимче азыр деле тилди чын жүрөгү менен өнүктүрүп, мамлекеттүүлүктү сактап калам деген, чын эле кыргыз тилин өнүктүрөм денен жетекчи муну бат эле жолго коюп койо алат. Себеби, кептин баары арызга, билдирмеге кол койгондон башталып жатат. Мисалы, кыргыз тилиндеги гана арызга кол коюлса, сөзсүз түрдө буйрук да кыргыз тилинде чыгат. Ал эми аны башка тилге мейли кытай тилине зарыл болуп жатса которуп алсын, ага эч каршылык жок. Тил мыйзамынын 10-беренесинде “Мамлекеттик тилдеги докумен түп нуска болуп эсептелет” деп так даана көрсөтүлүп турат. Мына ушуну караган жана мыйзамдын чегинде иш кагаздарын жүргүзө албай жаткандыгыбыз бул кыргыздар үчүн уят.

Мына ушул кыргыз элиндеги курч көйгөйдү туудурган маселелерди эске алуу менен биздин Юридикалык институттун директору, профессор Ж.А.Бөкөев өзү башында туруп Юридикалык институтагы мамлекеттик тилде иш алып баруу боюнча чечкиндүү кадамдарды жасап институттун ички иш кагаздарын мамлекеттик тилде гана жүргүзүлүшүн талап кылып, жана ар бир октуучу-профессор менен жекеме жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кыргыз топторундагы дарс окууларды, жумушчу программаларды, иш пландарды тез арада которуп чыгуу болбосо, кайра мамлекеттик тилде түзүп чыгуу иштерин талап кылып, ыкчамдатып ушул окуу жылынын аягына чейин ар бир сабактын жумушчу программасын мамлекеттик тилинде түзүп жаңы окуу жылына даяр туруу иштерин алдыга коюп жатабыз. Ошону менен катар 2014-жылда алдыга тилди өнүктүрүү үчүн көптөгөн иш-чаралардын пландарын, Жоболорун иштеп чыгып иш жүзүнө ашыруунун алдында турабыз. Анын эң алдынкыларынын бири бул Эне тилдин эл аралык күнүнө карата өткөрүлө турган “Мамлекеттик тилдин юридикалык билим берүү тармагында колдонулушу” аттуу Республикалык масштабдагы илимий-практикалык конференция жана ушуга улай март, апрел айларында Мамлекеттик тилде мыкты иш жүргүзүү боюнча атайын институт ичиндеги таймашы. Ушул таймашта бардык буга чейин берилген тапшырмаларды, талаптарды аткаргандарын текшерип, жыйынтыгында Юридикалык институттун атайын байгесин КРдин Президентине караштуу тил боюнча улуттук комиссиясы менен кошо жеңиш ээлерин таап ыйгарсак деп жатабыз.