

Юридикалык колледждин эмгек жамааты жана студенттери Чынгыз Айтматовду эскеришти
25.11.2013 17:56
2013-жылдын 22-ноябрында КУУнун алдындагы кесиптик колледждин "Юриспруденция" бөлүмүнүн эмгек жамааты жана студенттери кыргыздын улуу жазуучусу, залкар инсан Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, эскерүү кечесин өткөрүштү. Колледждин кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучулары Сардаргул Мамбетова, Жаныл. Касмалиева, Элла Жакшылыкова жана Айнура Мусаевалар дүйнөлүк адабияттын феномени болгон Ч.Айтматовдун чыгармачылык бейнеси тууралуу маалымат беришсе, тарых сабагынын окутуучусу Гульмира Алсеитова 1937-38-жылдагы репрессия курмандыктары, мемориалдык коплекстеги ата-бабалардын тарыхый орду жана 2010-жылдын 7-апрелинин баатырлары тууралуу айтып берди.
Андан соӊ «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» - дегендей улуу жазуучунун эстелигине жана мавзолейине гүл коюп кайтышты.