Шаршемби, Май 08, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Рыскул Жолдошов: "Осмон датка – орус оторчулугуна каршы күрөшүүчү"

Рыскул Жолдошов – тарых илимдеринин кандидаты, доцент                        

Осмон датка – орус оторчулугуна каршы күрөшүүчү

Совет жылдарында XIX кылымдын ортосунда Кыргызстандын аймагын Россия империясы куралдын күчү менен басып алуу процессин жашыруу максатында, «Кыргызстан өз каалоосу менен» Россияга кошулган делип, саясатташтырылган көз карашты тарых илимине таңуулап келгендиги белгилүү. Буга мисал кылып, кыргыздын тигил же бул урууларынын бийлери орус бийлигин чакырган кат жөнөткөн деген пикирлерди жүйөгө тартышкан. Чындыгында, кыргыз бийлери эле эмес, бүткүл кыргыз калкы жалпы курал алып каршы чыкса дагы, орус оторчулугун токтото алмак эмес.Себеби, дүйнөлүк ири держава болгон Россия өзүнүн атаандашы Англиядан мурун Түркстан аймагын басып алуу планын мамлекеттик деңгээлде чечип койгон эле. Ал эми айрым кыргыз бийлеринин орус өкүлчүлүктөрүн жардамга чакырган каттары болсо, орус оторчуларынын басып алуу саясатынын натыйжасы болгон. Орус мамлекети Волга боюндагы элдер менен казак талааларынан тартып, Ыраакы Чыгышка чейинки элдердин бардыгын өздөрүнө каратууда, алардын алсызыраак урууларын күчтүү урууларына каршы тукуруп, чатакташтыруу менен, алсыздарынын чакыруусун бетине кармоо шылтоосу аркалуу басып алуу саясатын бир нече кылым мурда эле иштеп чыгышкан.

Жогорудагы себептерден улам, совет мезгилинде Кыргызстан өз каалоосу менен Россия империясынын курамына кирген деген саясаттын негизинде, орус оторчуларына каршы күрөшкөн кыргыз инсандары сынга алынып, аларга эмгекчи элди эзүүчү таптын өкүлдөрү деген жарлык тагылган. Ошондуктан алар тарыхта эскерилбестен, бир беткей жамандоо менен унутка калтырылган. Төмөндө ошондой кыргыз элинин эркиндигин коргоп, орус оторчуларына карышы акыр аягына чейин күрөшкөн белгилүү Тайлак баатырдын уулу Осмон датка жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Осмон Тайлак уулу чекир саяк уруусунун чоро уругунан чыккан. Анын ата- бабалары өздөрүнө караштуу жамаатты бийлеп келишкен инсандардан болушкан. Осмон датканын бабаларынын санжырасы төмөнкүчө таркайт:чекир саяк уруусу Үч куртка жана Түгөл деген эки топко ажырайт. Үч куртка Кудайберди, Ак кабак, Ыман деген үч атага бөлүнөт. Кудайберден Кулжыгач жана Чоро уруктары чыгат. Чородон Марка, Барчык. Барчыктан Тоймат.     Тойматтын бир уулу Жанболот өз мезгилинде саяктын акалакчы (кичине) бийлеринен болгондугун кытай жазмалары кабарлайт. Ал 1780- жылдардын экинчи жарымында өзүнүн кишилери жана сары багыштын акалакчы бийи Тоймат менен чогуу, Кашгардан Анжиянга бараткан кербенди Чатыр-Көлдүн жанында тоноп, андан миң жылкынын кунундай байлыкты карактап алышат. Ошол себептен кытай бийлиги Жанболотту Борке дегену улу менен кошо камакка алгандыгы белилүү(1. Дай цин личао шилу//Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана.- т.2.- Б., 2003.- 193-б.).   Жанболоттун уулу Ырыскул атасынын ордуна бий болгон. Анын балдары Атантай, Тайлак эл бийлеген белгилүү баатырлардан болушкан. Осмон дагы ата-бабаларынын жолун улап, эл башкарган инсан болот.

Осмондун туулгандыгы тууралуу так маалымат жок. Бирок санжыралык айрым кабарлар кездешет. 1941-жылы А. Чоробаев тарабынан жазылган «Тайлак баатыр» кол жазмасында Цин-кытай аскерлерин Тайлак баатыр талкалаганда (болжолу 1825-ж) уулу Осмон балтыр бешик бала болгон дейт.(2. Чоробаев А. Тайлак баатыр.- Кыргыз УИА., КЖФ.- инв. №28 (221), №32 (225)). Ал эми дагы бир кыргыз фольклорунун билерманы М. Мусулманкуловдун калемине таандык «Осмон баатыр» кол жазмасында Осмон атасы Тайлак өлгөндө ( болжолдуу 1838-ж) 13 жашта болгон деп жазат (3. Мусулманкулов М. Осмон баатыр.- Кыргыз УИА., КЖФ.- инв.№163 (376) ). Санжыралык ушул маалыматтарга таянып, Осмон датка болжол менен 1825-жылдар чамасында туулган десек болот. Ал бийликке эрте жаш кезинен эле аралашкандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Кокон хандыгына каршы күрөш жүргүзгөн Тайлак баатыр, кокондуктар тарабынан өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу, жергиликтүү кыргыздар менен мамилесин оңдоо максатында Кокон хандыгы, Куртка чебинин башкаруучусу аркалуу 13 жаштагы Осмонго паңсат (500 башчы) деген наам ыйгарышкан. 15 жашында Коконго чакырып, датка наамын ыйгаргандыгын Мусулманкулов М. белгилейт. 1842-жылы Ысык-Көлдөгү Ормон Ныязбек уулу түндүк кыргыздарына хан көтөрүлгүндө Ысык-Көл, Нарын тараптагы Кокон чептерин талакалаган. Ошол себептен 1843-жылы саяк Алибек башында турган аскердик тобу Ак-Талаадагы Куртка чебине чабуул коюшкан. Алар кетээринде ал тараптагы элге Айдаркан, Тынар жана жаштыгына карабастан Осмон Тайлак уулун башчылыкка шайлап кеткен (4. Чоробаев А. Тайлак баатыр.- Кыргыз УИА.,КЖФ.- инв.№32(225)).   Ак-Талаа, Нарын тарпта Саяктын чоро (башчысы Осмон Тайлак уулу), кулжыгач (башында Түлөөке баатыр Эраалы уулу), ыман (башчысы Байтур Жапалак уулу )турган уруктар болуп, алар бири-бири менен атаандашып турушкан. Осмон датка 1850-жылдардын 2- жарымында Куртка чебинин коменданты кокондук сарт Мамыразык (Маразык) датка менен мамилесин чыңдап (кудалашкан), Нарын тараптагы чоро саягындагы эң таасирдүү бийлөөчү экендигин 1859-жылы Кашгардан кайтып келе жаткан Ч. Валиханов жазган (5. Валиханов Ч. Собр.соч., А-Ата, 1985.- т.-3.- 32-б.).

Кокон хандыгы менен мамилеси жакшы болгон Осмон датка орустардын басып алууларына каршы болгон. 1855-жылдан тарта кыргыз жергесин басып ала баштаган Россия империясынын аскердик бөлүгү, 1863-жылы 1-жолу Ысык-Көлгө келип кыштаган. Бул болсо орустарга каршы турган Үмөаалы Ормон уулуна чоң коркунуч алып келген. Орустардын кол салуусунан чочулаган Үмөтаалы 1860- жылдан тарта Ысык-Көлдөн Нарын тарапка жер которууга аргасыз болгон. Ал жергиликтүү уруу башчылары менен мамилесин чыңдоого аракет жасайт. Ошондуктан ал Курткадагы саяк манабы Осмон Тайлак уулу менен дос болуп, экөө куда болушкан. Осмон Ботокан деген уулуна Үмөтаалынын кызын алып берген. Үмөтаалынын иниси Чаргын болсо Ат-Башыдагы черик уруусунун баш манабы Турдукенин кызына үйлөнгөн.

1863- жылы орус аскерлеринин Олуя- Ата, Чимкент шаарларын каратышы, ошондой эле Ысык-Көл, Чүйдү ээлеген орус отряддары эми Нарынга кирип келгендигине байланыштуу Үмөтаалы Ормон уулу кол астындагы 6-8 миң түтүн эли менен бирге, орус бийлигине каршы күрөшкө чыгат. Үмөтаалыга Нарындан Осмон датка кошулган. Үмөтаалы 1863-жылы жай айында Куртка чебин жок кылуу жана тоолуу Нарын аймагын чалгындоо максаты менен келген штабс-капитан Проценконун аскердик тобуна унаа берет. Бирок, анын артынан ага каржы жана транспорт алып келе жаткан поручик Зубаревдин 40-50 адамдан турган аскерлерине Сөң-Көлдүн аягындагы Кажыртыдагы Эки-Чат деген жерден кол салуу уюштурган ( 6. Северцов Н. Путешествия по Туркстанскому краю и исследование горной страны Тянь-Шаня.- С.-Петербург.- 1873.- 341-342-б.). Бул согушка Үмөтаалынын инилери жана балдары, ошондой эле Нарындык саяктар, анын ичинде Осмон датка дагы катышкан. Кыргыздар бул согуштун башында Нарын дарыясындагы көпөрөнү бузуп салышып, андан кийин орус аскелерине чабуулга өтүшөт. Ок атуучу мылтыктар менен куралданган орус аскерлери найза жана союл колдонгон кыргыздарга каршы 8 саат коргонушуп, жеңиле турган болгондо, Проценконун тобу жардамга келип куткарып калган. Согушта орустар тарбынан 1 офицер, 2 жоокер өлүп, 4 аскер катуу жаракат алган. Мындан кийин Үмөтаалы кол астындагы иниси Чаргынды жана Осмон датканы алып, Нарындан Кашгарга чейинки тоолордун арасына көчүп кетет. Ошентип,1863-1867- жылдардын аралыгында 4 жыл бою Осмон датка Үмөтаалынн жетекчилиги астында орустарга баш ийбей, аларга карышы күрөшкөн. Бул күрөштө Үмөтаалыга баш ийген 3000, иниси Чаргындын 1000 жана Осмондун 1000 түтүн букарасы болгон ( 7. Северцов Н. Путешествия ...,- 344-б). Орус бийлигинин кыргыз жергесинде күч алып бекемделиши менен, алар Кыргызстандын тоолу аймагы болгон Нарын чөлкөмүнө да кире башташкан. Өзгөчө 1867-жылдын жай айында полковник Полторацкийдин Нарындан Кашгарга чейинки жерлерди рекогносцировкалоо үчүн келген аскердик топтун Куртка менен Ат-Башыга келиши, Үмөтаалы Ормон уулунун орус бийлигин таанууга аргасыз кылган  ( 8. Барон Ф.Р. Остен-Сакен.Поездка в Занарынский край, летом 1867 года//Изветия русс. Геогр. общ-ва.- 1869.-136-б.). Үмөтаалы кол астындагы манаптар Чаргын жана Осмон датка менен бирге 1867-жылдын октябрь айында Нарындын Оттук суусунун боюндагы   Н.А Северцовдун аскердик тобуна келип, орус бийлигине баш ийгендиктерин жарыялаган. Ошондон тартып Үмөтаалы, Чаргын мурдагы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү мекенине кайтып келишип, орустарга өлгөн жана жарадар болгон аскерлери үчүчн 375 жылкынын көлөмүндө кун төлөп беришкенден кийин, тынч жашоого өтүшөт. Ал эми Осмон Тайлак уулу өз мекени Тогуз-Торого келгенден кийин дагы оруска каршы күрөшүн улантат.

1868-жылы орус администрациясы кыргыздардын салттуу уруулук бийлерин жоюп, 1000 түтүнгө бир волостук управаны (болуш) түзгөн мыйзам кабыл алган. Бул болсо бүтүндөй бир урууга (10 000 түтүнгө) бирден башчы болгон кыргыз бийлери орус бийлигине чоң коркунуч түзсө, аларды майдалап, миң түтүнгө бөлүп салуу, башкарууга ыңгайлуу болгон. Ушуга байланыштуу Токмок уездинин алгачкы начальниги майор Г.С. Загряжский 1868-жылдын май айында калкты волосттук башкарууга өткөрүүмаксатында Тогуз-Торо аймагына барып иш жүргүзөт. Андан мурунку жылы Осмон датка Үмөтаалы менен оруска карап келгенде, ага анча ишенбеген орус өкмөтү Осмондун Мамыркан деген баласын аманатка Верный чебине алып кетет. Уулунун орустардын колунда тургандыгына карабастан, Осмон датка майор Г.С. Загряжскийге түн ичинде кол салат. Бул окуя күтүүсүздөн болгондуктан орустар жеңилүүгө учурап, майор Загряжский теректин башына чыгып жашынып аман калат ( 9. Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы.-Б.,2003.- 378-376-б.). Осмон датка уезддин начальниги менен бирге жүргөн эки катчы орустарды колго түшүрүп алат да, эртеси Көк-Артты беттеп, Кокон хандыгынын ээлигин карай көчөт. Бирок майор Загряжский менен Тогуз-Торого  чогуу барган Шабдан Жантаев жигиттери менен Осмон датканын артынан түшөт. Шабданга жергиликтүү чоро саягынын манаптарынын бири, Осмондун жакын тууганы Келдибек жигиттери менен кошулат. Келдибектин чоң атасы Байбагыш менен Осмондун чоң атасы Ырыскул экөө бир тууган болуп, Жанболоттун балдары болушкан. Келдибек Осмонго атаандашып жүргөн. Шабдандын жигиттери менен Осмондун жигиттери беттешип, согуш болот. Урушта Шабдандын жигити Баяке менен Келдибек Осмондун колуна түшүп калышат. Ушул урушта Осмондун Баракан деген иниси баатырдык көргөзгөн. Салгылашуудан кийин Осмон датка 600 түтүн чамалуу эли менен Анжиян тарапка түшөт. Ал Өзгөнгө жакындап калганда, ал мезгилде оруска көз каранды болуп калаган Кокон бийлиги, Осмонду оруска кармап берүүгө макулдугун берип койгондугу тууралуу кабар келгенден кийин, Осмон датка кайра тартып, Кара-Шорону ашып Арпага түшөт. Он күндөн кийин Сөөктү ашып, Кашкар тараптагы Өрүк- Кузгун деген жерге келип конот. Ал жерден Төрөкан деген баатыр, чечен кишисине бир кишини кошуп, Кашкардагы Жакып-бекке жөнөтөт. Ошентип, Осмон датка 1868-жылдан 1878-жылга чейин 10 жыл аралыгында Жакып-бекке карап турп калат. Ал Эт-Мойнок деген жерди кыштап, Сары-Колду жалоо кылып турган. Осмон колго түшкөн Баяке менен Келдибекти коё берип, ал эми туткун орустарга, Шабдан аркалуу Верныйдагы Мамыркан деген уулуна алмаштырып алат. Баракан Осмон уулун Жакып-бек аманатка өзүнө алган. Ал Жакып- бекке кызмат кылып, миң башылык наамга чейин жетет.Осмон датка өзү дагы Жакып-бектин 1877-1878-жылдардагы кытайга жасаган аскердик жүрүшүнө активдүү катышкан. Бирок 1878-жылы Жакып-бек өлгөндөн соң, анын өлкөсүн кытайлар басып алгандан кийин, кытайлардын жазалоочу аскерлери менен бир нече жолу кагылышып, өз эли-журту менен Кыргызстандын аймагына кайтып келет. Ал өз мекени Тогуз-Торого жайгашкандан кийин, жанына Кичине баатыр деген жигитин алып, Ташкенге барып, ал жерде 6 ай жүрүп, орус бийлигинен акталган кагаз алып келет. Ошентип акыр аягына чейин орус оторочуларына каршы турган Осмон Тайлак уулу замандын талабына баш ийип, акыры орус бийлигине моюн сунат. Элдик санжыраларда ошондон 13 жыл өткөндөн кийин, Осмон датка катуу ооруп, мындай деген экен:

«Морт өлгөндөй – моңолдор белем,

Бат өлгөндөй – басыз белем,

Эр Тайлактын уулу Осмон болом деп, күзүндө өлгөн дейт. ( 10. Мусулманкулов М. Осмон баатыр.- Кыргыз УИА., КЖФ,- инв.№ 163(376). Буга караганда Осмон датка 1891- жылдардын тегерегинде өлсө керек. Осмон датканын артында Ботокан, Мамыркан, Нааматкан, Сагындык, Турдумамбет, Алымбай, Касымбай, Нуке, Молдокан деген уулдары болуп, алар атасынын сөөгүн Тогуз-Торого коюшуп, күмбөз тургузкан экен. Ашы Мына – Келди деген жерде берилген дешет.