Жума, Апрель 18, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Профессор М.М.Күчүков КУУнун жамаатын Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктайт

altУрматтуу кесиптештер, студенттер жана окуучулар! Мамлекеттик тил майрамын белгилей баштаганыбызга 24 жыл болду. Тил адамдардын акыл-эсин, дүйнө таанымын, тажрыйбасын, рухий жетишкендиктерин сактап, кылымдардан кылымга алып жүрүү үчүн уникалдуу көрүнүш болуп эсептелери баарыбызга маалым. Улуу тарыхы бар байыркы кыргыз эли өз эне тилин аздектеп келип, аны Мамлекеттик тил даражасына жеткирди. Улуттун эң негизги белгиси - анын тили. “Сөз кадырын жоготкон улут, өз кадырын жоготот” эмеспи. Бүгункү күндө элибиздин улуттук тили болгон кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө маани берилип жатат. Тилибиздин келечек тагдыры - биздин бүгүнкү мамилебизден.

Өсүп келе жаткан жаш муундар тилге аяр мамиле жасап, аздектөө сиздердин колуңуздарда! Жалпы кыргыз элибизди тил майрамы менен кызуу куттуктаймын!        

 

Махмуд Мамаевич Күчүков

Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу борборунун директору