Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

М.Байсеитова: "Энекебай", "Ааламдагы эң ыйык үч тамга"

 

altБайсеитова Махабат Ратбековна

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

География,экология жана туризм факультетинин

"География жана экологиялык туризм" кафедрасынын окутуучусу

 

 

Энекебай

Энекебай асылзатым, берметим.

Салып мени ак бешикке терметтиң,

Алдейледиң, бөпөлөдүң багып мени

Эми сизге 4 сап ырды арнап берем.

 

Асыл энем теңдеши жок берметим,

Ак сүтүңдү кантип актаар экенмин.

4 сап ырды жазып койуп мен сизге,

Эч качан кутулдум мен дебеймин.

 

Мээнети күч пейли таза эненин,

Санаа тартып балдарына,

                     ойлой берет ар бирин

Азап менен чоңойтсо сени эне,

Милдет кылбайт ошону сен билгиниң.

 

Уйку көрбөй чоңойттун,эркелеттиң,

Ааламдагы узак жолго жетеледин

Билимдин дүйнөсүнө эшик ачып,

Мектептин босогосуна алып келдин.

 

Оорусам маңдайымдан эч кетпедиң,

Тажабастан ар бир сөзгө маани бердиң.

Ай ушу, адам болуп кетсекен деп,

Мүнөт сайын жараткандан тилей бердиң

 

Ойго чөгүп мен жөнүндө ойлой бердин,

Ар мүнөттү тек кетирбей тарбия бердиң.

Улууга урмат менен мамиле кыл деп,

Акыл насаат, кеңешинди берип келдиң.

 

Энекебай майрамыныз менен куттуктайм,

Сизди сыйлайм, кадырлайм да урматтайм.

Узун өмүр, чың ден соолукта болуңуз

Жараткандан мен ошону суранам.

 

Дүйнөдөгү эң ыйык үч тамга

 

Адамды бул дүйнөгө алып келет,

Ыңааласаң оозунду ачып, сүтүн берет.

Келечектен үмүт кылып, түнү уктабай,

Ак бешике ак ниеттен бөлөп келет.

 

Сен ыйласаң - көздөрүнөн жашы кетет,

Сен кубансан - сенден дагы ашып кетет.

Бакканына эч убакта милдет кылбай,

Акыл-насаат, кеңешин айтып келет.

 

Жашообузга жарык нур чачып келет,

Ай нурундай, күн нурундай мээрим себет.

Баласына акыл жана ыйман тилеп,

Бапестеп да, барктап дагы багып келет.

 

Дүйнөдө сулуулукту сактап келет,

Акыл менен, сабыр менен баарын жеңет

Ааламдагы үч тамганы биз билебиз

Эң ыйык бул үч тамга «Эне» делет!

 

08.03.2012