Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

С.Жорупбеков: "Эгемендүүлүктүн күнүндө кыргыз жөнүндө"

alt

Сатылган  Жорупбеков

 

 

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразия инновациялык технологиялар институтунун доценти

 

 

Манастын жана Чыңгыздын эстеликтерин бириктирип бир борбордук аянттка коюшу менен 20 жылдык эгемендүүлүктө кыргыз өкмөтү биринчи жолу акылмандуу чечим кабыл алды деймин. Жараткан менен жаратылган жаран артык болсун деп, акыл менен тил берсе дагы, бирок андан тышкары амал, өнөр, дилге ээ кылып коюп, анын адил жүрөөрүнөн ал өзү күмөн санаган эмеспи (Жеңижок). Себеби, адилеттүүлүк менен түз байланышкан акылмандуулук жаранга берилген эмес эле! Ал атайын берилген эмес. Себеби, жарандын Бар дүйнөдө жаратылышынын негизги максаты бул эле: жаран, б.а. анын жаны (берилген жаны) Жараткандын эрежелеринин логикасын таануу менен эки карама-каршылыктардын чөйрөсү болгон Бар дүйнөнү түшүнүп, алардын теңченемдүүлүгүн таап (б.а. акылмандуулук ойлорго келип), аны камсыздаган жагдайда гана, б.а. адамдык касиеттерге келип тиричиликтенүү эле, кыскача айтканда, акылмандуулуктун гана негизиндеги тиричиликке – кыргызча айтканда, адамгерчиликтүү тиричиликке - жетип жашоо эле. Жарандын Бар дүйнөдөгү милдет-максатын кыргыз ушундайча түшүнгөн.

Бир убакытта «карангы» делип келген кыргыздын «Дүйнө Жоктон Бар болуп, туула берет турбайбы. Кайра Бар да Жок болуп, кубула берет турбайбы,» деп айтканын, азыркы илим «туура эмес» деп тана албайт. Мындай ой математиканын тилинде    0 = (+¥ ) + (-¥ ) (же 0 = (+n ) + (-n )) деп да берилет. Аны солдон оңго окуганда Жоктон (0) Бар  ((+¥ ) + (-¥ )) жаралаары, оңдон солго окуганда Бар Жок болоору айтылган. Бардүйнө чексиз сандагы эки карама-каршылыктардан куралган эмеспи. Алардын теңдиги гана Бар дүйнөнүн гармониясын жаратат! Акылмандуулук гана гармонияны жаратат!

Азырынча адабиятта, илимий чөйрөдө Жок дүйнө орусча «энерго-информационное поле» деп так эмес аталат. Такталган түшүнүктөрдүн термини менен айтсак, биз,  кубат (энергия ) - билим (знания) талаасы (кишинин көзүнө көрүнбөгөндөр – кыргызча Жок) менен заттардын (кишинин көзүнө көрүнгөндөрдүн – кыргызча Бардын) биримдигинен куралган чөйрөдө жана алардын бир-бирине өз ара айланышкан дүйнөсүндө эле биз жашап жатабыз. Ушул эки дүйнөнү (Бар жана Жок дүйнөнү) тең бир бүтүндөй камтып система түрүндө карап, толук чыныгы (б.а. системалуу) билүүлөрдү камсыз кылбагандыктан биздин азыркы илим-билимибиз чала келип,  чыныгы системалуу илим-билим эмес болуп гана эсептелет. Кубат-билим талаасы (Көк асман) баардыгынын башаты! Ал түбөлүктүү! Мындай фондо Бар дүйнө жаралат кайра Жок да болот. Мындай түбөлүктүү фондо жаранга жан берилет, ишмерденет, өлөт (жаны кайра кетет). Ошондуктан, жаран өзү жашаган чөйрөнүн эрежесин билиши зарыл жана ал боюнча жашоосу туура. Илгерки кыргыздын мындай билими азыркы өнүгүүсүндө эске алынбайт.

 

Кыргыздын билими башынан системалуу болуп «Теңирчилик» деген системалуу дүйнөтаанымын түзгөн. Мындай тааным Куранда айтылган Адам-атага берилген илим-билимден жаралган. «Адам», «Обо-Ева» ысымдарынын семантикасы кыргыз гана тилинде терең, азыркы илимдик чындыктарга байланыштырылып так түшүндүрүлгөндүктөн, алар кыргыз тилинде гана тилинде берилген деймин! Ошондуктан, кыргыздын тарыхы, санжыра санаты Адам-атадан эле башталат деймин! Кыргыздын тили ал алгачкы деңгээлдеги системалуу илим-билимдин тили! Кыргыздын Теңирчилиги Жердеги эң алгачкы системалуу дүйнөтааным. Ал кыргыздын макал-лакаптарында камтылган, Санжыра санаттары болуп атадан-балага эл арасында ооз-эки айтылып, мурасталып келет. Теңирчиликтен дүйнөдө башка таанымдар, философиялар, диндер, маданияттар жаралган.


Кубат (энергия) - билим (знания) талаасынан ( кыскача Жоктон-Көктөн ) гана (кыскача объективдүү билимден гана ) накта чыныгы кабарлар (информациялар) жаратылып, алар адамда субъективдүү билимге айланат эмеспи. Мен субъективдүү билимдин ээси болсом, Жараткан объективдүү билимдин ээси. Ээсиз билим болбойт! Мындай чындыкты илгерки кыргыздар да билген. Ошондуктан, чыныгы кубат-билим (кыскача кыргызча кут) төбөсү ачык Көк асмандан адамга гана берилээрин баяндаган илгерки белги -  Теңирчиликтин белгиси -  кыргызда гана бар (төмөнкү сүрөт).

alt

 alt

Сүрөттө 1 - төбөсү ачык Көк асман. 2 - Көктөн адамга түшкөн кут. Кыргызда гана болгон экинчи тилде - анын оюм-чийим тилинде адам ромб түрүндө (3-5) сүрөттөлөт. Сүрөттө түшкөн кут адамда эки карама-каршы түшүнүктөрөгө (3) ажырайт. Мындай түшүнүктөрдүн (3) тең болушу гана туура (бул Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымы боюнча адамда ошондой болушу керек), ошондуктан сүрөттө бирдей узундукта берилет. Адам Жердеги (7) тиричилигинде бул эки түшүнүктөрдү теңдештикте (5) бирдей кылып (6) алып жүрүшү абзел! Бул да Теңирчиликтин негизги мыйзамы! Ошондо гана Жерде адамгерчиликтүү, калыс жана келечектүү тиричилик болот, болбосо – Акыр заман келет. Азыр биз кишичиликтүү тиричиликтин (кыргызча, адамгерчиликтүү эмес тиричиликтин) кесепетинен Акыр заманда жашоодобуз Калугул-ата айткандай. Ушундай ойдон теңкапталдуу болгон ромб  - «адам» кыргыз оюму жаралган. Дагы адамдын мындай тиричиликтеги өмүрү Көктөн чектелип берилээри айтылган (4).

Мындай белгинин маңызын терең түшүнбөгөндөр азыр аны башкача кылып бурмалашып сүрөттөп «Улутман» телеберүүдө колдонулат же Манастын көк желегине колдонгусу келишет. Мына чала системалуу эмес билимде болгондун кесепети!

Манастын желеги көк болгону талашсыз. Себеби, Манас Көктүн баласы, Иусус сыяктуу. Ал адам болбой киши болгон Жакыптыкы эмес! Көк асман (Жараткан) өзү жараткан Адам-атанын тукумдары - кыргыздын тукумдары – кишичилик тиричиликтин кесепетинен бириндеп жок болбошу керек эле! Ошондуктан Жараткан Манасты атайын миссиясы менен гана жараткан. Бекеринен, эпосто ага ысым дубана (Көк менен контактер болгон) адам аркалуу берилбеген. Миссиясы аткарылгандан кийин атайын эрте Манас өлтүрүлөт. Бирок, мындай кырылгыс – кыргыс – кыргыз элдин тукумдары адамгерликтүү эмес болгон кишичиликтүү тиричиликке дагы келип анын кесепеттерине дагы чалдыкбашы үчүн «өзүн өзү таануу» болуучу сабагы катарында санжыра санаты кылып айтып жүрүш үчүн Жараткан өзүнүн кыргыз элине гана аян алуу менен гана Манас-кыргыз окуяларын улам-улам ооз эки айтып жүрүү касиетин ыйгарган. Манас эпосунун жанаакындар айткан кенже дастандардын санаттарынын таасиринде жарандын өзүн өзүтаануусунан анын чала түшүнүктөрү такталып, системалуу болуп, ошондуктан ыйман жолуна түшүү менен кишинин адам болуу билими калыптандырылып акырында кыргыздын башка элдерден айрымалаган бөтөнчүлүктөрү жаратылат!

Биздин Теңирчиликти туура өздөштүрүп алган Кытай анын эрежесиндеги теңдеш-тирилген социалистик жана капиталистик экономикага түшүп өнүгүп жатканын адашкан кыргыз түшүнчү. Адашышкан башкармачылыктын кесепетинен азыркы маңкурт болгон кыргыз өзүнүн Теңирчилигин жээрип, адашып эркиндикти алса дагы алигиче өз тарыхий акыл-эсине келе албай чайналып жатпайбы. Ушунун кесепетинен эмне эле болбой жатат! Азыркы Акыр заманда кишичилик тиричиликке таандык акылдуулук көп, бирок адамгерчиликтүү тиричилик менен байланышкан акылмандуулук жокко эсе.

Ошентип, Теңирчиликсистемалуу дүйнөтаанымындагы адам болуп жашоо кыргыздын идеологиясы болуп келген жана болуп кала бермек! Θзүмчүлдүктүн белгиси болгон көп партияларга жана урууларга бөлүнбөй кыргызга Адам-ата калтырып кеткен бир идеологияга гана келишибиз керек. Манас эпосунун философиясы жана Манас илими адам болуу илиминде камтылып, анын бир эле жагдайы экендигин кыргыз түшүнүшү зарыл. Себеби дүйнөтааным бардык билимдин негизин түзөт, анын башаты. Албетте, Манас илими Теңирчилик илими менен байланышкандыктан адам болуу идеологиясынын өзөгү. Манас биздин тарыхыбыз, аны биз билишибиз керек, окуу жайларда бул тарых кеңири окутулушу керек. Манас менен жана эпосту айтуу менен биз сыймыктанышыбыз керек! Кыргыздарды бириктирүүгө гана ал зарыл. Муну Манасты идеология катарында көтөргөндөр да түшүнүшү керек. Бирок, адам болуу идеологиясы жашоо-тиричиликтин баардык жагдайын камтып, баардыгын жөнгө сала турган идеология. Ошондуктан, такталган Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымындагы адам болуп жашоо идеологиясы жалпы Кыргызстанда жашагандар үчүн ылайыктуу болмок.

Себеби, системалуу дүйнөтаанымындагы баардыгына системалуу мамиле кылган жаран болуп жашоо – бул жогоруда кыргызча аталган идеологиянын азыркы илимий терминдер менен эле айтылышы. Мына жалгыз гана ушундай идеология кыргыздарды да жана баардык элдерди да ынтымактыкка бириктире ала турган жашоо идеологиясы. Ошондо, тиричилик жана башкаруу системасы мындай идеологияга ылайыктуу болуп өзгөрүшү зарыл. Кыргызга акылмандуу жетекчилик жетишпейт. Бийликтин кызматы айыл башчыларынан куралган Элдик Курултайдын көзөмөлүндө болуп, шайлоосуз эле бийлик алмашылгандай шарттар жана бийликтин жоопкерчилиги жаңы конституцияда так жазылса.

Эгерде ураан катары кыргыз көтөргөн көк тууда Теңирчиликтин белгиси тартылса, анда ал «мен жаран болуп дүйнөнүн эрежесин туура түшүнөмүн жана ошого ылайыктуу киши болбой адам болуп жашаймын жана тиричиликтенемин» - деген ураан салгандык болбойт беле. Мындай туу Ала-тоо аянтында көтөрүлүп желбиресе, “кишиге күн сайын адам болуу кыйын экендигин эскертип, адам болгула” – деп кеткен Чыңгызыбыз бир жагында турса жана экинчи жагында системалуу дүйнөтаанымындагы жаран айкөл болоорун айтып дайыма элдерди калыстыкка, ынтымактыкка чакырганды эскерткен Айкөл Манасыбыз турганы акылмандуулуктун жышааны эмеспи. Дүйнөдө кыргызга гана экинчи тил - оймо тил – таандык. Мындай тилде философиянын мыйзамдары толугу менен баяндалат! Эгерде тарых музейдин артына Түркология эмес Кыргызология илимий институтунун имараты туруп бетинде оймолор менен кыргыздын бөтөнчүлүгүн даңазалап сүрөттөгөн жаңы кыргыз герби тартылса жана мыйзамдарды баяндаган кыргыздын оймолору менен аянт кооздолсо гана! Анда ал жаңы билимдин очогу, борбору болбойбу.

Ал эми жаңы кыргыз герби жана айтылган ойлордун негизделиши жөнүндө толугураак баяндамаларды алыш үчүн Кыргыз улуттук университеттин сайтына:  www.university.kgПубликации - ППСжана автордун «Кыргыз ким?» ( Бишкек. 2001, 2007ж.) китебине кайрылса болот.