Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУнун физика жана электроника факультетинин декандыгына Сагынтай Кадышев шайланды

Бүгүн, 2011-жылдын 16-июнунда саат 14 тө, университеттин Чоң жыйындар залында КУУнун физика жана электроника факультетинин эмгек жамаатынын чогулушу башталды.  Жыйындын күн тартибинде бир эле маселе - факультеттин деканын шайлоо. Чогулушка КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү Роза Сарымзакова - академиялык иштер боюнча проректор (төрайым), Таалайбек Каракеев – илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор, окумуштуу катчы Елена Терлыга, кадрлар бөлүмүнүн начальниги Маргарита Мусаева жана юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев катышты.

 

КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрайымы, КУУнун академиялык иштер боюнча проректору Роза Сарымзакова чогулуштун башында шайлоону өткөрүүнүн тартиби тууралуу кыскача айтып берди.

 

Андан кийин чогулушту жалпы физика кафедрасынын башчысы Ташмат Карашев алып барды.


Чогулуштун катышуучулары 3 адамдан турган Эсептөө комиссиясын шайлашып, анын курамына физиканы окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Эсенбек Мамбетакунов (төрага), физика-техникалык процесстерди моделдештирүү кафедрасынын башчысы Гүльмира Бейшекеева жана электроника жана микроэлектроника кафедрасынын ага окутуучусу Нарбай Таштанбаев киришти.


Байкоочулар: Эшмухамед Дүйшөнов - физиканы окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти, Касым Утемиров - жалпы физика кафедрасынын доценти жана Гүлзат Жообасарова - факультеттин профсоюздук комитетинин төрайымы.


Жашыруун добуш берүү бюллетенине төмөндөгү талапкерлердин кандидатуралары киргизилди:

 

Сагынтай Кадышев -


электроника жана микроэлектроника кафедрасынын доценти,

физика-математика илимдеринин кандидаты,

доцент

 

 

Самат Токтогонов -


электроника жана микроэлектроника кафедрасынын доценти,

физика-математика илимдеринин кандидаты,

доцент

 

Шайлоо аяктап, добуштар саналган соң Эсептөө комиссиясынын төрагасы Эсенбек Мамбетакунов анын жыйынтыгын угузду:


  • Тизме боюнча шайлоочулардын жалпы саны – 72
  • Чогулушка катышкан шайлоочулардын саны - 65
  • Таратылган бюллетендердин саны – 65
  • Жараксыз бюллетендердин саны – 0


Талапкердин

аты-жөнү

"Макул"

добуштардын саны

"Каршы"

добуштардын саны

1.

Сагынтай Кадышев

34
31

2.

Самат Токтогонов 31 34


Ошентип, КУУнун физика жана электроника факультетинин деканы болуп физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Кадышев Сагынтай Кадышевич шайланды.

 

 

КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрайымы,

КУУнун академиялык иштер боюнча проректору Роза Сарымзакова

шайлоону өткөрүүнүн тартиби тууралуу айтууда

 

 

 

 

 

Чогулуштун алып баруучусу, жалпы физика кафедрасынын башчысы Ташмат Карашев

 

 

КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү (солдон оңго):


  • КУУнун юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев
  • КУУнун окумуштуу катчысы Елена Терлыга
  • КУУнун академиялык иштер боюнча проректору Роза Сарымзакова (төрайым)

 

 

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү (солдон оңго):


  • Электроника жана микроэлектроника кафедрасынын ага окутуучусу Нарбай Таштанбаев
  • физиканы окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Эсенбек Мамбетакунов (төрага)
  • физика-техникалык процесстерди моделдештирүү кафедрасынын башчысы Гүльмира Бейшекеева


 


Байкоочу: Гүлзат Жообасарова - факультеттин профсоюздук комитетинин төрайымы


 

Байкоочу: Касым Утемиров - жалпы физика кафедрасынын доценти


 

Байкоочу: Эшмухамед Дүйшөнов - физиканы окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КУУнун физика жана электроника факультетинин кайрадан шайланган деканы,

физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Кадышев Сагынтай Кадышевич