Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Рыскуль Токторова - КУУнун география, экология жана туризм факультетинин деканы

Бүгүн, 2011-жылдын 16-июнунда саат 10 до, Кыргыз улуттук университетинин Чоң жыйындар залында география, экология жана туризм факультетинин эмгек жамаатынын чогулушу болуп, анда факультеттин деканын шайлоо маселеси каралды. Чогулушка КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү Роза Сарымзакова - академиялык иштер боюнча проректор (төрайым), Таалайбек Каракеев – илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор, окумуштуу катчы Елена Терлыга, кадрлар бөлүмүнүн начальниги Маргарита Мусаева жана юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев катышты.

 

Чогулуштун башында КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрайымы, КУУнун академиялык иштер боюнча проректору Роза Сарымзакова чыгып сүйлөп, шайлоону өткөрүүнүн тартиби тууралуу кыскача айтып берди.


Андан кийин чогулуштун катышуучулары 5 адамдан (ар бир талапкерден 1 өкүл жана КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинен 1 өкүл) турган Эсептөө комиссиясын шайлашып, анын курамына физикалык география кафедрасынын профессору Темир Кулматов (төрага), экология кафедрасынын окутуучусу Жумагүл Кендирбаева (катчы), физикалык география кафедрасынын ага окутуучусу Мураталы Дүйшөнакунов, экология кафедрасынын окутуучусу Мухтар Касымов жана КУУнун окумуштуу катчысы Елена Терлыга киришти.


Шайлоонун жүрүшүнө география жана экологиялык туризм кафедрасынын доценти Турдаалы Супатаев; экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын ага окутуучусу Кымбат Кулназарова; физикалык география кафедрасынын ага окутуучусу Мира Мамбетова жана экология кафедрасынын ага окутуучусу Жолдош Чунгулов көз салып турушту.


Жашыруун добуш берүү бюллетенине төмөндөгү талапкерлердин кандидатуралары киргизилди:

 

Толкунбек Асыкулов -


экология кафедрасынын башчысы,

география илимдеринин кандидаты,

доцент

 

 

Жекшенбек Жамгырчиев -



экология кафедрасынын доценти,

география илимдеринин кандидаты

 


Тургунбек Ниязов -



география илимдеринин кандидаты,

доцент

 


Рыскуль Токторова -



Кыргызстандын географиясы кафедрасынын доценти,

география илимдеринин кандидаты


Шайлоо аяктап, добуштар саналган соң Эсептөө комиссиясынын төрагасы Темир Кулматов анын жыйынтыгын угузду:


  • Тизме боюнча шайлоочулардын жалпы саны – 69
  • Чогулушка катышкан шайлоочулардын саны - 62
  • Таратылган бюллетендердин саны – 62
  • Жараксыз бюллетендердин саны – 1


Талапкердин

аты-жөнү

"Макул"

добуштардын саны

"Каршы"

добуштардын саны

1.

Толкунбек Асыкулов

4
57

2.

Жекшенбек Жамгырчиев 0 61

3.

Тургунбек Ниязов

22 39
4. Рыскуль Токторова 35 26


Ошентип, КУУнун география, экология жана туризм факультетинин деканы болуп география илимдеринин кандидаты, доцент Токторова Рыскуль Алманбаевна шайланды. Жаңы шайланган деканды факультеттин жамааты жеңиши менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

 

КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрайымы,

КУУнун академиялык иштер боюнча проректору Роза Сарымзакова

шайлоону өткөрүүнүн тартиби тууралуу айтууда

 

 

 

 

 

 

КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү (солдон оңго):


  • Таалайбек Каракеев – КУУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору
  • КУУнун кадрлар бөлүмүнүн начальниги Маргарита Мусаева.

 

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү (солдон оңго)::


  • Мураталы Дүйшөнакунов - физикалык география кафедрасынын ага окутуучусу
  • Мухтар Касымов - экология кафедрасынын окутуучусу
  • Темир Кулматов - физикалык география кафедрасынын профессору  (төрага)
  • Жумагүл Кендирбаева - экология кафедрасынын окутуучусу (катчы)

 

 

Байкоочулар (солдон оңго):


  • Турдаалы Супатаев - география жана экологиялык туризм кафедрасынын доценти
  • Кымбат Кулназарова - экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын ага окутуучусу
  • Мира Мамбетова - физикалык география кафедрасынын ага окутуучусу
  • Жолдош Чунгулов - экология кафедрасынын ага окутуучусу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

География, экология жана туризм факультетинин жаңы шайланган деканы

география илимдеринин кандидаты, доцент Токторова Рыскуль Алманбаевна (солдо)