Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Асылбек Чекеев КУУнун математика, информатика жана кибернетика факультетинин деканы болуп шайланды

Бүгүн, 2011-жылдын 16-июнунда, Кыргыз улуттук университетинин Чоң жыйындар залында математика, информатика жана кибернетика факультетинин эмгек жамаатынын чогулушу болуп, анда факультеттин деканын шайлоо маселеси каралды. Чогулушка КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү Таалайбек Каракеев – илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор, окумуштуу катчы Елена Терлыга, кадрлар бөлүмүнүн начальниги Маргарита Мусаева жана юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев катышты.

 

Чогулуштун башында КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, КУУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Таалайбек Каракеев чыгып сүйлөп, шайлоону өткөрүүнүн тартиби тууралуу кыскача айтып берди.


Андан кийин чогулуштун катышуучулары 3 адамдан турган Эсептөө комиссиясын шайлашып, анын курамына колдонмо математика жана информатика кафедрасынын башчысы Каныбек Какишов (төрага), математикалык анализ кафедрасынын ага окутуучусу Перизат Шаршенбиева (катчы) жана кибернетика жана маалымат технологиялары кафедрасынын башчысы Совет Раманкулов киришти.


Шайлоонун жүрүшүнө жогорку математика кафедрасынын доценти Кубат Эсенов менен колдонмо математика жана информатика кафедрасынын доценти Ажыгулов Мутал көз салып турушту.


Жашыруун добуш берүү бюллетенине математика, информатика жана кибернетика факультетинин декандыгына талапкер Асылбек Чекеевдин кандидатурасы киргизилди.


Шайлоо аяктап, добуштар саналган соң Эсептөө комиссиясынын төрагасы Каныбек Какишов анын жыйынтыгын угузду:


  • Тизме боюнча шайлоочулардын жалпы саны – 67
  • Чогулушка катышкан шайлоочулардын саны - 59
  • Таратылган бюллетендердин саны – 59
  • Жараксыз бюллетендердин саны – 6
  • Талапкерди колдогон добуштардын саны – 53
  • Талапкерге каршы добуштардын саны - 0


Ошентип, КУУнун математика, информатика жана кибернетика факультетинин деканы болуп физика-математика илимдеринин доктору,  хабилиттештирилген доктор, профессор Асылбек Асакеевич Чекеев шайланды. Жаңы шайланган декан жамааттын астында кыскача сөз сүйлөгөндөн кийин, аны КУУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Таалайбек Каракеев жана факультеттин жамааты жеңиши менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

 

Сүрөттүн түп нускасын көчүрүү

 

 

 

 

 

КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү,

КУУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Таалайбек Каракеев

шайлоону өткөрүүнүн тартиби тууралуу айтууда

 

 

КУУнун декандарын шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү (солдон ого):

  • КУУнун окумуштуу катчысы Елена Терлыга
  • КУУнун юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев
  • КУУнун кадрлар бөлүмүнүн начальниги Маргарита Мусаева

 

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү (солдон ого):

  • кибернетика жана маалымат технологиялары кафедрасынын башчысы Совет Раманкулов
  • колдонмо математика жана информатика кафедрасынын башчысы Каныбек Какишов (төрага)
  • математикалык анализ кафедрасынын ага окутуучусу Перизат Шаршенбиева (катчы)

 

 

Байкоочулар: жогорку математика кафедрасынын доценти Кубат Эсенов

жана колдонмо математика жана информатика кафедрасынын доценти Ажыгулов Мутал


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КУУнун математика, информатика жана кибернетика факультетинин жаңы шайланган деканы,

Асылбек Асакеевич Чекеев (ортодо) - физика-математика илимдеринин доктору,  хабилиттештирилген доктор, профессор