Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

С.Жорупбеков: "Кыргыздын идеологиясы менен мамлекеттик белгилери"

alt

Сатылган  Жорупбеков

 

 

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

 

Евразия инновациялык технологиялар факультетинин доценти

 

Кыргыздын идеологиясы менен мамлекеттик белгилери

Мен убагында мамлекеттик белгилерди түзүү процессине чала-была катышып, тандалгандарды өкүнүчтүк менен кабыл алдым эле. Эми эл арасында туура эмес кабыл алынгандыгын түшүнгөндөр көбөйгөнгө жараша, аларды жаңыртуу кыймылы жандана башталды. Ушуга байланыштуу бул макалада кыскача негизделиши менен төмөндөгүдөй ойлор айтылат:

1. Бир убакытта «карангы» делип келген кыргыздын

« Дүйнө Жоктон Бар болуп,

Туула берет турбайбы.

Кайра Бар да Жок болуп,

Кубула берет турбайбы

деп айтканын, азыркы илим «туура эмес» деп тана албайт. Мындай ой математиканын тилинде    0 = (+¥ ) + (-¥ ) (же 0 = (+n ) + (-n )) деп берилет. Аны солдон оңго окуганда Жоктон (0) Бар     ((+¥ ) + (-¥ )) жаралаары, оңдон солго окуганда Бар Жок болоору айтылган. Бардүйнө чексиз сандагы эки карама-каршылыктардан куралган эмеспи. Алардын теңдиги гана Бар дүйнөнүн гармониясын жаратат! Айтылышта кубулуш кайталанмалуу экендиги, ошондуктан анын башталышы да жок, бүтүшү да жок экендиги кыскача так берилген.

Азырынча адабиятта, илимий чөйрөдө Жок дүйнө «орусча энерго-информациоенное поле» деп так эмес аталат. Такталган түшүнүктөрдүн термини менен айтсак, биз,  кубат (энергия)-билим (знания) талаасы (кишинин көзүнө көрүнбөгөндөр – кыргызча Жок) менен заттардын (кишинин көзүнө көрүнгөндөрдүн – кыргызча Бардын) биримдигинен куралган чөйрөдө жана алардын бир-бирине өз ара айланышкан дүйнөсүндө эле биз жашап жатабыз.

Ушул эки дүйнөнү (Бар жана Жок дүйнөнү) тең бир бүтүндөй камтып система түрүндө карап, толук чыныгы (б.а. системалуу) билүүлөрдү камсыз кылбагандыктан биздин азыркы илим-билимибиз чала келип,  чыныгы системалуу илим-билим эмес болуп гана эсептелет.

2. Ал эми, элдердин алгачкы билими системалуу болгону белгилүү (www.hf.msiu.ru/nauka_1-8.htm). Кыргыздын да билими башынан системалуу болуп «Теңирчилик» деген системалуу дүйнөтаанымын түзгөн. Азыркы илим-билим болсо, кайталайбыз, ал мындай системалуу касиетке ээ эмес. Ошондуктан азыр адашкандыктын, кыргызча Акыр заманы.  Ошондуктан, “Современная наука не является единственной формой знаний. Традиционные общества, многие из которых имеют глубокие культурные корни, создали и усовершенствовали свои собственные системы знаний... Они не только таят в себе информацию, которая пока не известна современной науке, но и выражают другие  образы жизни  в мире, другие взаимоотношения между обществом и природой, другие подходы к приобретению и формированию знаний. Необходимо принять особые меры с целью сохранения и развития этого хрупкого и разнообразного всемирного наследия в условиях глобализации и преобладания единого представления об окружающем мире” (Всемирная конференция по науке для XXI века: новые обязательства. Будапешт, 1999 г.) - деп айтылууда.

Кубат-билим талаасы (Көк асман) баардыгынын башаты! Ал түбөлүктүү! Мындай түбөлүктүү фондо жаран жаралат, өсөт, ишмерденет, өлөт. Мындай фондо Бар дүйнө да жаралат кайра Жок да болот («Чоң жарылуу» физикалык илимий азыркы теория боюнча да ушундай). Дүйнө - бул Жок-Бардын чексиз кайталанмасы. Дүйнөнүн өнүгүүсү чексиз цикл (кайталанма). Башат кайдан экендигинин эрежесин билген жарандын туусунун (желегинин) түсү анда Көк болушу тураа эмеспи. Ал эми түшүнбөгөндүкү болсо ар кандай түстө - өзүнүн субъективдүү келген системалуу эмес болгон, адашкан билимине жараша болмок и болуп келүүдө.

3. «Адам», «Обо-Ева» ысымдарынын семантикасы кыргыз гана тилинде терең, азыркы илимдик чындыктарга байланыштырылып так түшүндүрүлөт башка тилдеги түшүндүрмөлөргө караганда. Ошондуктан ысымдар кыргыз гана тилинде берилген деймин! Ким берди? Жараткан берди! Ошондуктан, кыргыздын тарыхы, санжыра санаты Адам-атадан эле башталат деймин!

4. Кыргыздын тили Адам-ата менен кошо жаралган тил жана ал алгачкы деңгээлдеги системалуу илим-билимдин тили! Кыргыздын Теңирчилиги Жердеги эң алгачкы системалуу илим-билим, дүйнөтааным. Мындай тааным Куранда айтылган Адам-атага берилген илим-билимден жаралган. Ал кыргыздын макал-лакаптарында камтылган, Санжыра санаттары болуп атадан-балага эл арасында ооз-эки айтылып, мурасталып келет. Дүйнөдө ооз-эки айтылганды өздөштүрүп өзүнүкү же бурмалап колдонгондор бар.

5.  Кубат (энергия) - билим (знания) талаасынан ( Жоктон-Көктөн) гана (кыскача объективдүү билимден гана ) накта чыныгы кабарлар (информациялар) жаратылып, алар адамда субъективдүү билимге айланат эмеспи. Мен субъективдүү билимдин ээси болсом, Жараткан объективдүү билимдин ээси. Мындай чындыкты илгерки кыргыздар да билген. Ошондуктан, чыныгы кубат-билим (кыскача кыргызча кут) төбөсү ачык Көк асмандан адамга гана берилээрин баяндаган илгерки белги -  Теңирчиликтин белгиси -  кыргызда гана бар (төмөнкү сүрөттү кара).

alt

 alt

 Сүрөттө 1 - төбөсү ачык Көк асман. 2 - Көктөн адамга түшкөн кут. Кыргызда гана болгон экинчи тилде - анын оюм-чийим тилинде адам ромб түрүндө (3-5) сүрөттөлөт. Сүрөттө түшкөн кут адамда эки карама-каршы түшүнүктөрөгө (3) ажырайт. Мындай түшүнүктөр (3) тең болушу гана туура (бул Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымы боюнча адамда ошондой болушу керек), ошондуктан сүрөттө бирдей узундукта берилет. Адам Жердеги (7) тиричилигинде бул эки түшүнүктөрдү теңдештикте (5) бирдей кылып (6) алып жүрүшү абзел! Бул да Теңирчиликтин негизги мыйзамы! Ошондо гана Жерде адамгерчиликтүү, келечектүү тиричилик болот, болбосо – Акыр заман келет. Азыр биз кишичиликтүү тиричиликтин (адамгерчиликтүү эмес тиричиликтин) кесепетинен Акыр заманда жашоодобуз Калугул-ата айткандай. Ушундай ойдон теңкапталдуу болгон ромб  - «адам» кыргыз оюму жаралган. Дагы адамдын мындай тиричилигинин өмүрү Көктөн чектелип берилээри айтылган (4).

Мындай белги кыргыздын көк түстүү (же көк-жашыл түстүү, себеби кыргыз жаңы чыккан чөптү көк деп койгондуктан) жаңы желегинде болушу керек! Мындай белгинин маңызын терең түшүнбөгөндөр азыр аны башкача кылып бурмалашып сүрөттөп «Улутман» телеберүүдө колдонулат же Манастын көк желегине башкача тартышып колдонгусу келишет. Мына чала системалуу эмес билим берүүнүн жана билимде болгондун кесепети!

6. Манастын желеги көк болгону талашсыз. Себеби, Манас Көктүн баласы, Иусус сыяктуу. Ал картаң Жакыптын баласы эмес! Көк асман өзү жараткан Адам-атанын тукумдары - кыргыздын тукумдары - бириндеп жок болбошу керек эле! Ошондуктан Жараткан Манасты атайын миссиясы менен жараткан. Бекеринен, эпосто ага ысым дубана (Көк менен контактер болгон) адам аркалуу берилбеген. Миссиясы аткарылгандан кийин атайын эрте Манас өлтүрүлөт жана ошондой эле кайып болуп кеткен, Иусус сыяктуу. Бирок, мындай кырылгыс – кыргыс – кыргыз элдин тукумдары адамгерликтүү эмес болгон кишичиликтүү тиричиликке келип анын кесепеттерине дагы чалдыкбашы үчүн «өзүн өзү таануу» сабагы катарында санжыра санаты кылып улам айтып жүрүш үчүн Жараткан өзүнүн кыргыз элине гана аян алуу менен гана Манас-кыргыз окуяларын улам-улам ооз эки айтып жүрүү касиетин ыйгарган. Манас жанаакындар айткан кенже дастандарынын санаттарынын таасиринде жарандын өзүн өзүтаануусунан анын чала түшүнүктөрү такталып, системалуу болуп, ошондуктан ыйман жолуна түшүү менен кишинин адам болуу билими калыптандырылып кыргыздын башка элдерден айрымалаган бөтөнчүлүктөрү жаратылат!

7. Биздин Теңирчиликти туура өздөштүрүп алган Кытай жакында Теңирчиликтин эрежеси боюнчагы баардыгы теңдештирилген экономикалык жолго (теңдештирилген социалистик жана капиталистик экономикага) түшүп кризиссиз эле өнүгүп жатканын түшүнчү адашкан кыргыз. Теңирчилик менен тааныш жана анын негизинде өздөрүн өздөрүү башкарган Кытай, Жапан, Корея мамлекеттеринде өнүгүү жакшы эле болууда эмеспи. Ал эми кыргызды буга чейин башкалар-адашкандар башкаргандыктан жана дале адашышкан азыркы кыргыз башкармалаларынын кесепетинен азыркы маңкурт болгон кыргыз өзүнүн Теңирчилигин жээрип, адашып эркиндикти алса дагы алигиче өз акылына келе албай чайналып жатпайбы.

Ошентип, Теңирчиликсистемалуу дүйнөтаанымындагы адам болуп жашоо кыргыздын идеологиясы болуп келген жана болуп кала бермек! Θзүмчүлдүктүн белгиси болгон көп партияларга жана урууларга бөлүнбөй кыргызга Адам-ата калтырып кеткен бир идеологияга гана келишибиз керек, окурман! Мурдатан бери бекеринен карыялар жашка “Оо, качан адам болосуң” деп айтып келишкен эмес. Манас эпосунун философиясы жана Манас илими адам болуу илиминде камтылып, анын бир эле жагдайы экендигин кыргыз түшүнүшү зарыл. Себеби дүйнөтааным бардык билимдин негизин түзөт. Албетте, Манас илими Теңирчилик илими менен байланышкандыктан адам болуу идеологиясынын өзөгү. Муну Манасты идеология катарында көтөргөндөр да түшүнүшү керек. Бирок, адам болуу идеологиясы жашоо-тиричиликтин баардык жагдайын камтып, баардыгын жөнгө сала турган идеология.

Системалуу дүйнөтаанымындагы баардыгына системалуу мамиле кылган жаран болуп жашоо – бул жогоруда кыргызча аталган идеологиянын азыркы илимий терминдер менен эле айтылышы. Мындай ой ар кандай элдердин илимий чөйрөлөрүндө, эл аралык форумдарда ачык айтылууда. Ошондуктан мындай идеология Кыргызстанда жашагандар жана дүйнөдөгү башка элдер үчүн дагы алардын идеологиясы болмок. Мына жалгыз гана ушундай идеология кыргыздарды да жана баардык элдерди да ынтымактыкка бириктире ала турган жашоо идеологиясы. Тиричилик жана башкаруу системасы жарандын тураа жашоо идеологиясына ылайыктуу болуп өзгөрүшү зарыл.

Эгерде ураан катары кыргыз көтөргөн көк тууда Теңирчиликтин белгиси тартылса, анда ал  «дүйнөнүн эрежесин туура түшүнөм жана ошого ылайык киши болбой адам болуп жашаймын, тиричиликтенем» - деген ураан салгандык болбойт беле. Мындай туунун астында тиричиликтенгенге же салтанаттуу иш-чарада аны көтөрүп сыймыктанганга ким каршы чыксын. Мындай ураан бардык элдерге үлгү болоору да шексиз!

8. Эми герб жөнүндө. Мамлекеттик символдор натура болбой же кандайдыр бир турмуштук тайыз ойлорго негизделбей (азыркы учурдагыдай) тереңирээк келген фундаменталдуу ойлорго-принциптерге негизделиши зарыл. Кыргыз башынан системалуу билимге ээ болгондуктан мындай принциптер кыргыз таанымында бар. Ошондуктан, аларды колдонуу менен төмөндөгүдөй гербти талкууго койомун.

 alt

Герб тегерек кыргыз түндүгүнүн элесинен жана эллипсоид фигураларынан турат. Эллипсоид – бул Бар дүйнөүн символу. Тегерек – бул Жок дүйнөнүн жана дүйнөдөгү бир бүтүндөйдүн символу (А. Мюррей. “Человек, творящий чудеса”  же автордун “Кыргыз ким” китептери). Эллипсоиддин ичинде “Кыргыз Республикасы” деген жазуу бар. Бул “Кыргыз мамлекети, дүнүйөсү - Бар дүйнөнүн бири” дегендик. Жазуу Теңирчиликтин белгисин курчайт. Кыргыздын Бар дүйнө жөнүндөгү түшүнүгү анын экинчи тили болгон кыргыз оюму менен тегерек түндүктүн элесинде кошумчаланып баяндалат. Тактап айтканда, Бар  дүйнөнүн өнүгүшү кайталанма (циклдүү) түрдө болоору жана мындай цикл 4 этаптан, ал эми анын ар бири 7 баскычтан (алты “кыял” оюму + бир “адам” деген экинчи кыргыз оюму) тураары баяндалат. Этаптардын алмашышы “Таанууну тануу” мыйзамы менен болоору “адам” жана “кыял” оймолордун комбинациясы менен берилген. Төртилик (4) менен жетилик (7) касиеттер дүйнө менен кишиде негизги ролдорду ойноору азыркы илим менен аныкталган. Демек, илгери эле мындай түшүнүктөргө жеткен кыргыз өзүнүн символунда башка элдерде болбогон экинчи тили менен аны баяндап, колдонуп башкалардан айрымаланбайбы.

Мындай белги кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк менен көтөргөн жаңы түндүгүнүн маңыз-мааниси жаңыланган туурараак дүйнөтааным, акылмандуу философия, жөнгө салуучу идеология  жана аларга ылайыктуу калыстык саясат менен экономика экендиги менен жана жарандын киши эмес адам болуусу менен байланышкандыгын дүйнөнүн бардык элдерине даңазалабайбы.

Сөздүктө “герб – отличительный знак государства ” делет. Демек кыргыз мамлекети мындай герби жана көтөргөн туусу менен бардык мамлекеттердин алдында өзүнүн бөтөнчөлүгүн толук сыймыктануу менен сүрөттөй алмак!

Азыркы талкуу-аракеттер менен көпчүлүк кыргызга табылбай жаткан туура жашоонун идеологиясы жана аны камтыган белгилери жаратылмак дагы кыргызстандыктардын жаңыча эреже боюнча жашоо-тиричиликтенүүсү башталмак, азыркыдай чайналбай. Бул “азыркы тартыштык учурда каражаттарды кайдан табабыз?” дегендерге жооп. Байлар көп каражат табылат.

Аталган ойлордун негизделиши дагы Кыргыз улуттук университеттин сайтында:  www.university.kgПубликации - ППС жана автордун «Кыргыз ким?» ( Бишкек. 2001, 2007ж.) китебинде берилген.

Билдирүү кошуу - Добавить комментарий

Билдирүүлөрдү сайтка катталбай эле калтырууга болот. Бул учурда алар модератор тарабынан "адептүүлүккө" текшерилип, анан жарыяланат.
Сообщения можно оставлять без регистрации на сайте. Они будут опубликованы после проверки модератором на цензурность.


Защитный код
Кодду жаңылоо - Обновить код