Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУдагы ҮББжАЖ борборунун жамааты карылар үйүндө болушту

2011-жылдын 29-апрелинде Ж.Баласагын атындагы КУУнун Үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогорулатуу (ҮББжАЖ) борборунун мугалимдери жана окуучулары шаарыбыздын Абай жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан карылар үйүндө болушуп, ал жердеги эмеректерди, терезе-каалгаларды, карылар жаткан керебеттерди тазалашты жана тиешелүү аянтты шыпырып, арыктарды казышып, таштандыларды чыгарып карыларды кубандырышты. Бул акциянын максаты - улгайган адамдарга жардам берүү, аларга көңүл буруп, колдоо көрсөтүү. Карылар үйүндөгү чоң эне жана чоң аталар мындай мамилеге ыраазы болуп алкыш айтышса, борбордон барган окуучу балдар карылардын батасын алып кубанычтуу кайтышты.


Карылар үйүнүн директору  Маргарита Ашымованын айтуусунда багуудагы карылардын жалпы саны - 232, алардын ичинен төшөктө жаткандары - 40, өз алдынча баса албагандары - 72 экен.

 

Даярдаган: Белекова И.Ш.