Жума, Ноябрь 14, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Манастын туулганы


Тою тарап кеткени,

Жакыптын көргүн неткенин,

Зарланып жүргөн байкуштун

Талабына жеткенин.


Ногойдун уулу Жакыптыр,

Оокатын кылып жатыптыр.

Аралдын башын жай алып,

Алтайдын тоосун таянып,

Аксы менен Күчөрдөн

Ичерине чай алып.

Иленин башын таянып,

Кара-Шаарга мал көктөтүп,

Калмактарга көптөтүп,

Казактан көрүп кордукту,

Калмактан көрүп зордукту,

Байкуш болуп азгандар

Бай Жакыпка жолукту.

Кыйладан көрүп кордукту,

Кытайдан көрдү зордукту.


Орозду хандын он уулу

Опол тоо калган жерине,

Ойрон болгон бай Жакып

Ногойдун келбей элине.


Байдын эки баласы

Басканы Кашкар талаасы.

Бай акем Жакып кантти деп,

Басылбай жүрдү санаасы.

Көз каман аты Үсөндүн,

Ал кытайга кетип түзөлдү.

Башка өсмөк болду баласы,

Баскан-жүргөн жерлери

Манжурия талаасы.

Тебиттин аркы тушунда,

Тырп чыкпай калган ошондо.

Кылыптыр кытай өкүмдү,

Кыйрынан азып бай Жакып

Кылмышы жоктон өкүндү.

Кыстоосун көрүп калмактын

Кыйналып Жакып өкүрдү.

Азган менен тозгондон,

Ата-энеден бозгондон,

Ар кайсысын бир жактан

Айдап келип кошкондон

Жетимиш болду түтүнү,

Жетип барып арыз айтып,

Жер алууга күтүндү.

Иленин башы Үч-Арал

Ататып алды жерине,

Азыркысын жайлап тур

Азоо-Белдин белине.

Айта берсе сөзү көп,

Азыр кулак салыңыз

Арстан Манас кебине.


Тойдон кийин токтолуп

Эки жыл тамам өтүптүр.

Эр Манас бойго бүткөнү

Тамам үч ай жетиптир,

Байбиченин көңүлү

Башкага ооп кетиптир.

Өз тамагы эсте жок,

Же көрүнүүчү көзгө жок,

Бал, шекерге карабайт,

Башка тамак жарабайт,

Жесем деп жолборс жүрөгүн,

Мындан башка санабайт.

Жетпейт жолборс жүрөгү,

Жинди болуп байбиче

Жеригинен жүдөдү


Жылкычы кабар бергени:

— Каңгайдын Кара мергени

Бир жолборс атты дегени.

Жолборсту атып салды деп,

Терисин сыйрып алды деп,

Боор-жүрөк, башка эти

Кош жанында калды деп.

Айтканын Чыйыр угуптур,

Алдынан чурап чыгыптыр.

Барып калды Чыйырды

Жылкычынын жолуна,

Кара кулак чоң жамбы

Кармай барды колуна.


—Кайыптан дүйнө тап деди,

Карап турбай, жылкычым,

Кайта ылдамдап чап деди.

Жашырып-жаап жүрбөгүн,

Жарып жолборс жүрөгүн,

Алып кел деди өзүмө,

Ата-энеден сен жакын

Көрүнөсүң көзүмө,

Каалаганың баарысын

Канчада берем өзүңө.

Байбиче айтып бу кепти

Жылкычысын жиберди.

Жылкычы буга таң калды,

Акысына жамбы алды.


Ара конуп ортого,

Ал жылкычы сандалды.

Барса жолборс жатыптыр,

Зыңкыйып муздап катыптыр.

Жолборстон жүрөк алганы,

Жолго кайра салганы.

Жол боюнда бир бээ

Телиден өлүп жатыптыр,

Жылкычылар жыйылып

Аны союп атыптыр.

Анын да алды жүрөгүн,

Экөөн бирдей бермекке,

Байбиченин бул ишин

Байкап сынап көрмөккө.

Жылкычы жолго салганы,

Эртесинде түш ченде

Жылкычы келип калганы.


Жылмайып басып байбиче,

Элечектен каш чыгып,

Эки көздөн жаш чыгып

Байбиче келип турганы.

Жылкычы аты Бадалбай,

Байбиче келип кеп айтат,

Бадалбай балам деп айтат,

Эки жүрөк эмине?

Жолборстор жолго жатканбы,

Каңгайдын Кара мергени

Катарлап экөөн атканбы?

Же мал жүрөгүн жолборс деп

Башынан шорум катканбы?

Айт, Бадалбай балам, дейт,

Аныктап сурап алам дейт.

Байбиче сүйлөп салыптыр,

Жүрөгү деп жолборстун

Бадалбай айтып калыптыр.

Алдам азыр турбайбы,

Жалган айтсам жашаймбы,

Аксиң мени урбайбы.

Кыласызбы дары деп,

Кыйла барктап аны деп,

Кызарып агып турбайбы

Жүрөгүнүн каны деп

Бадалбай айтты баянды,

Байбиче көөнү жай алды.

Челкеңдей басып байбиче

Челекке суусун алганы,

Оозу капкак жез казан

Эки жүрөк салганы,

Чала-була бышырып,

Жанга бербей жалмады.

Сонун экен бу да деп,

Сорпосун ичем жуда деп,

Эки аяктай сорпосун

Немесин койбой жалмады.

Байбиченин талгагы

Магдырап канып калганы.

Байбиче жыйды эсини,


Байкап уккун баягы

Бай Жакыптын сөзүнү.

Эр Манас бойго бүткөнү

Тогуз айга жетиптир.

Тогуз ай, тогуз күн болуп,

Толгоо жаңы киргени

Бейшемби кечи түн болуп.

Курсакка бала бүткөнү

Кубаттанды Жакып чал,

Аман-эсен тууса деп

Назырга айткан канча мал.

Карынга бала бүткөнү

Кайраттанган Жакып чал,

Каралдым аман тууса деп

Назырга айткан канча мал.

Акбоздон бээ союлду,

Алтындан бакан коюлду,

Аны сайын байбиче

Айгайын салып чоюлду.

Коңшунун баары жыйылды,

Козголгон сайын байбиче

Кокуюн айтып ыйынды.

Ордого толо жыйылды,

Ойбоюн айтып ыйынды.

Бала туур бекен деп

Бай Жакып жүрөк дегдеди,

Бала койсо чиренип

Байбиче бою тердеди.

Бала катуу чиреди,

Байбиче бакан тиреди.

Бекем туйлап кеткенде

Басып тарткан катындар

Башы жерге киреди.

Байбиченин ичинде

Ажыдаарбы, жолборспу,

Же адамдан арга болбоспу?

Бала туйлап кеткенде

Байбиче көзү сүзүлдү,

Белдемчинин жакасы

Беш жеринен үзүлдү.

Алып келип бай Жакып

Аксары башыл кой чалды,

Ай туякка бээ чалды,

Ай мүйүзгө уй чалды,

Айры өркөчкө төө чалды.

Аны сайын байбиче

Айгайын баспай үн салды:

— Менин жанымды жечү балабы?

Же жарып ичтен алабы?

Бул башымды жечү балабы?

Бай Жакып жесир калабы?

Же, жабыр баян шер беле?

Же, менин жатарым кара жер беле?

Жараткан Жапар кудайым,

Мени кандай жалмачу бала берди эле?!

Баканды кармап бакырды,

Бакшы менен бүбүдөн

Немесин койбой чакырды.

Түндүктү карап түйүлдү,

Көргөндөр жандан түңүлдү.

Жети күн тартты толгоону,

Жергеси чарчап болгону.

Алты күн тартты толгоону,

Айлы чарчап болгону.

Толгоосу эми толду деп,

Туур күнү болду деп

Бердикенин катыны

Беленденип калыптыр,

Дамбылданын катыны

Даярданып алыптыр,

Акбалтанын катыны

Азыр болуп калыптыр.

Кутубайдын катыны

Курсагын оңдоп калыптыр,

Кудай берсе тубар деп

Куруп калган Жакыптын

Кулагына салыптыр.


Байбичең тууйт дегенде

Бай Жакып ыйлап каңгырап,

Бакырып ыйлап заңгырап:

— Баласы жоктон жүдөдүм,

Эркек деп бирөө жүгүрсө

Жарылып кетер жүрөгүм.

Ботосу жоктон майышып,

Боздоп жүрдүм кайышып,

Сүйүнчү десе бир-адам

Тура албасмын тайышып.

Өзүмдү өзүм жайлайын.

Өңкөй бышты кара боз

Элүү-кыркты байлайын.

Айылга туруп нетейин,

Адырга чыгып кетейин,

Токтолуп туруп нетейин,

Тоого чыгып кетейин.

Жыгылсам да, талсам да,

Же кайрат кылып калсам да

Элге шылдың болбостой

Ээн жакка барайын,

Алыстан айыл карайын,

Айткандан кабар алайын.


Ушуну айтып бап Жакып

Кыл аркан керме шайлатты,

Кырк кара боз быштыны

Кыдырата байлатты,

Жетпей калса минсин деп

Жети кур ат байлатты.

Эркек болсо, эр болсо,

Кыз болбосун не болсо,

Кыз болсо үйдө калыңар,

Кыймылдаба баарыңар.

Эркек болсо чабыңар,

Талаадан мени табыңар.

Сүйүнткөн болсо кудайым,

Сүйгөнүңдү алгын жудайын

Кубанткан болсо кудайым

Кур аттан берем жудайын.

Эркекпи деп, кызбы деп

Аныктап алып чабыңар,

Арадан мени табыңар.

Айтып Жакып аттанды,

Атты байлап койду деп

Айылдагылар шаттанды.


Жакып бай жолго салыптыр,

Жорго боз айгыр үйүрү

Жолунан чыгып калыптыр.

Кара жалдуу кула бээ

Кайкалактап алыптыр.

Кайдан келди булар деп,

Как ушу бүгүн тубар деп,

Тоо башына токтобой

Болуп жүрчү эле улар деп,

Болду, акыр болбоду

Кула бээм азыр тубар деп,

Эркек болсо кулуну

Энчилейин балама,

Эгем таада кудурет

Жеткирер бекен санаама?!

Жорго боз атын жоёюн,

Катыным тууса эркекти

Мындан кийин айгырын

Камбар боз деп коёюн.

Ургаачысынын баарысын

Ак түлөөмө соёюн,

Эркегинин баарысын

Нээти казат коёюн.


Ушуну айтып бай Жакып

Атынан түшүп алганы,

Жылкыга көзүн салганы,

Жылкынын баары чубашып

Жылгага кирип калганы.

Азганакай жабырга,

Ат кулактуу шабырга

Асты барып токтоду,

Аркы-терки оттоду,

Туруп, жатып кула бээ

Тууй турган окшоду.

Аны көрүп бай Жакып

Ак! — деп карап токтоду.


Аны таштап салыңар,

Байбичеси Шакандын

Баянын угуп алыңар.

Толгоосу сегиз күн болгон,

Толготкон мындай ким болгон?!

Тарткандардын баарысы

Талыкшып колу тим болгон.

Талыкшып турган келинди

Тарта көр деди белимди.

Он эки катын бек тартты,

Оңдойгөр кудай деп тартты.

Каканак суусу шар этти,

Баланын үнү бар этти,

Карынды катуу сүзгөнү,

Эки колун толтура

Кан чеңгелдеп түшкөнү.


Бала жерде туйлады,

Бар-бар этип ыйлады.

Эркек бекен, кыз бекен,

Мага качан айтат деп

Байбиче жашын тыйбады.

Көшүдү көзү илинип,

Көрө салган катынга

Эркектиги билинип.

Чочогу чыкты чороюп,

Эркек экен дегенде

Эси кетип Чыйырды

Жыгылып кетти сороюп.

Байбичеге нетти деп,

Мартуу басып кетти деп

Катындын баары чочуду.

Кайта башын көтөрүп,

Жыгылбады, жоошуду.

Антаңдабай катындар,

Аныктап көрчү, капырлар?

Жерден алгын тез деди,

Дамбылданын зайыбы

Киндигин өзүң кес деди.

Оромолун колго алып

Ороюн деди баланы,

Ушу күндө бу бала

Оң колун сууруп алганы.

— Ойбой, татай нетти деп,

Отуздагы жигиттей

Колун сууруп кетти деп,

Татай, көтөк нетти деп,

Так кырктагы кишидей

Тартып бутун кетти деп,

Карап турбай катындар

Кармалашсаң нетти деп

Канымжан катын муну айтат.

Кандай сөзүң жаман деп,

Кармоого карууң келбесе

Сен качып кутул аман деп

Бакдөөлөт жерден алганы,

Бакырып жаткан баланы.


Он бештеги баладай

Көтөргөндө салмагы,

Берген экен кудайым

Берекелүү баланы.

Көзү каткан Бакдөөлөт

Көтөрүп өөп алганы.

Куртканын зайбы Канышбек

Оозантмакка баланы

Оозуна эмчек салганы.

Өзөгүн үзө бир соруп,

Өлө жазып калганы.

Сандык толо май деди,

Салган кошо бал деди,

Эки, үч карын май алып

Эми оозуна сал деди.

Үч карын май алганы,

Үч кайтара салганы.

Үч карындын майларын

Үч саатка койбой жалмады.

Астына алып Чыйырды

Оң эмчегин салганы.

Абалкысы сүт чыкты,

Экинчиси суу чыкты,

Үчүнчүсү кан чыкты,

Чыдай албай ошондо

Байбичеден жан чыкты.

Чыгарып алып эмчекти,

Чакырып журтка бериптир

Сегиз бээ союп жентекти.

Тоюнбаган тоюнуп,

Топтогон малдар союлуп,

Ачтын баары тоюнуп,

Ар түрлүү малдар союлуп,

Балдарын катын жетектеп,

Май көтөрүп этектеп,

Бай Жакын кайда экен деп,

Айылдагы жигиттер

Баары шашып энтеңдел.


Эми аны таштап салыңар,

Жакыптан кабар алыңар,

Байлаган аты кырк сегиз,

Баары күлүк тептегиз.

Айылдагы адамдар

Арбып-дарбып минишип,

Апкаарып жолго киришип,

Тоого чапты топтошуп,

Адырга чапты анталап,

Бөксөгө чапты бөлүнүп,

Талаага чапты дабырап,

Бай Жакып кайда кетти деп

Баарысы жүрөт жабырап.

Эркектен неме калбаптыр,

Эки атты бирөө албаптыр,

Кермеде жылкы калбаптыр.


Кедеңдей басып Сулайка

Келип ордун караптыр,

Кеткен экен Акбалта,

Кетсе ишке жараптыр.

Керменин несин карайын,

Энди үйгө барайын.

Басып келип Сулайка

Башын үйгө салыптыр,

Үтүрөйүп Акбалта

Үйдө олтуруп алыптыр.

Көрө салып Сулайка

Көтөк деп чочуп калыптыр.

—  Абышкам, дүнүйөдөн тойдуңбу,

Атпай журт алган олжодон

Бир неме албай койдуңбу?

Сүйүнчүгө шайлаган,

Кызыр чалган бай Жакып

Кырк кара боз байлаган,

Кырк жылкыдан бирди албай

Сенин кандай шоруң кайнаган?

Жана байлаптыр сегиз кур атты,

Ошолордон кур калып

Олтурушуң уяттыр.

Акбалтанын катыны

Ачууланып акыры

Айтып муну салганы.


Акырайып Акбалта

Катынга багып калганы:

—  Ай, кара жолтой Сулайка,

Карасаңчы кудайга?!

Тоюнбаган топор бар,

Жарыбаган жарды бар,

Куудуңкөй жүргөн куулар бар,

Мал көрбөгөн бакыр бар,

Айылда жүргөн айбан бар,

Короодо жүргөн коңшу бар,

Коёбу мага ушулар?

Эркек-кызын аңдабай,

Эки жагын карабай,

Эр Жакыпка барам деп

Эбак чаап кетиптир.

Эгем берер ырыскы,

Албай койсо Жакыптан

Акбалтага нетиптир?!

Барбадым да, албадым,

Же балакетке калбадым,

Азыр атка минерге

Келбейт менин дарманым.

Канча күндөн бери жакка

Каралашып жүрөсүң,

Канча сенин алганың?

Акбалта айтып салганы,

Суп чапандан бирөө экен

Сулайканын алганы.

Эки элечек, бир чапан,

Мына менин олжом деп

Эрине таштап салганы.

Бай кудайга казына,

Барсаңчы Жакып кашына,

Катын айтып салганы.

Ага болбой Акбалта

Мойнун буруп алганы.

Кырк киши кетти чапкылап,

Элүү киши таласа

Жакыптын жаны калабы!

Кермеде сегиз кур атты

Кез келген минип чуратты.

Катыны эркек тубарбы,

Карганда малын талатып

Ата мындай Жакыпты кудай урарбы!

Элүү киши барган соң,

Энтелеп барып Акбалта

Да сүйүнчү сурарбы?!

Жалгыз илик Көкчолок

Жандоого кантип чабамын,

Жакыпты кайдан табамын?

Элким атым Көкчолок

Эңишке кантип чабамын,

Элирип кеткен кесек кул,

Алардын элесин

Анан кайдан табамын?

Уудан калган итке окшоп

Элким кайда чабамын.

Акбалта айтып болбоду,

Барсаң-барсаң, байым деп

Катыны камап койбоду.


Анда Акбалта кеп айтат,

Ачууланып бек айтат:

—  Кандай курган катынсың,

Калабалуу капырсың.

Бай Жакыпка бар сен деп

Тынчымды койбой жатырсың.

Дөөкүрсүгөн кулдар баргандыр,

Күлүктү минип алгандыр,

Аларын алып Жакыптан

Тарап кетип калгандыр.


Акбалта айтып токтолду,

Катыны шондо кеп айтат,

Катууланып бек айтат:

—  Жүгүрткөн киши алабы,

Жүрбөгөн куру калабы?

Чапкылаган аларын,

Кудай өзү билбейби

Чарчаган куру каларын.

Булут минип учса да

Буюрбаса калбайбы,

Буюрган киши албайбы.

Чапкандар куру калбайбы,

Жазууда кудай буюрса

Жатса да киши албайбы.

Көкчолок менен чабарсың,

Жазууда кудай буюрса

Жакып байды табарсың.


Барбаймын деп айталбай,

Бармак болду Акбалта

Катындын сөзүн кайтарбай.

Байлап койгон Көкчолок

Басыгы ылдам шайтандай.

Акбалта чал бокчоюп,

Аттанып чыгып чокчоюп,

Же жададым үйдө жатып деп,

Табылар бекен Жакып деп

Акбалта жолго салыптыр.


Айылга жакын көмүскө,

Азганакай жабырда,

Ат кулактуу шабырда,

Кара-Суунун четинде,

Көк өтөктүн бетинде

Минген атын суудуруп,

Кара жалдуу кула бээ

Бир ак сур кулун туудуруп,

Шыйрагын оңдоп шыпырып,

Тумшугун сыгып телчитип,

Энесине ээрчитип,

Олтурган экен бай Жакып.


Көкчолок минген Акбалта

Жакыпты көрдү жайма жай.

Жан жагында киши жок,

Жакып жалгыз олтурат

Киши менен иши жок.

Акбалта көрүп акырды,

Сүйүнчү деп бакырды.

Кубангандан бай Жакып

Не дейсиң деп чакырды.

Анда Акбалта муну айтат:

— Айтканымды туюнчу,

Арстаным Жакып, сүйүнчү!

Карыганда байбиче

Кабылан тапты, сүйүнчү!

Жобогондо байбиче

Жолборс тапты, сүйүнчү!

Жоголордо байбиче

Жолдош тапты, сүйүнчү!

Эриккенде байбиче

Эрмек тапты, сүйүнчү!

Кайгырганда байбиче

Каралды тапты, сүйүнчү!

Акбалта айгай салыптыр,

Аны уккан соң бай Жакып

Акылынан таныптыр.


Көздүн жашы он талаа,

Көрдүмбү деди бир бала.

Перзент берген кудайым,

Жараткандын өзүнөн

Жашын узун сурайын,

Тууганына сүйүнбөй,

Турарын тилеп кудайдан,

Муңканган бойдон өтөм деп

Ойлодум эле бу жайдан.

Акбалта келди жайма-жай,

Шалак этип жыгылып,

Талып калды Жакып бай.

Жакыптын келди кашына,

Тең курбусу Акбалта

Ырайымы келди жашына,

Барбана болду башына.

Кыйкырса Жакып кыңк этпейт,

Кыймылдатса былк этпейт.

Акбалта чочуп калганы,

Ак калпакты колго алып,

Майпаңдай басып Акбалта

Аккан сууга барганы.

Басып келип Акбалта

Талып калган Жакыптын

Көөдөсүнө бүрккөнү.

Көтөрдү башын бай Жакып,

Суудан бою үрккөнү.

Сурады Жакып Балтадан:

— Акбалта чалым неттиң деп,

Сен кай жактан жеттиң деп,

Келгенде мени неттиң деп.

Суу бүрктүң менин өзүмө,

Эч эчтеңке көрүнбөйт

Караган менин көзүмө,

Кандайлыктан талганым

Билинбейт менин өзүмө.

Өзүң келдиң не үчүн?

Өзөгүм өрттөй күйүптүр,

Сени сүйлөсө экен деп

Кулагым кепти сүйүптүр.

Не жүрөсүң Балта чал,

Кебиң болсо айта сал?


Айтпадымбы сага деп,

Эркек тууду катының,

Не бересиң мага деп?

Акбалта айтып салганы.

Анык бекен, чынбы деп,

Айта көр Балтам чынды деп,

Эркек бекен перзентим,

Көзүң көрүп чыктыбы?

Же карап анык көрө албай

Катындардан уктуңбу?

Кайтып айтчы чалым деп,

Бай Жакып сурайт дагы кеп.


Акбалта сөзүн баштады,

Тең курбуң Жакып шашпады,

Уккан сайын Жакып чал

Бурчактай көзүн жаштады.

—  Байбичең тууду эркек уул,

Байкасаң Жакып сөзүм бул.

Баркыраган добушу

Тай чабым жерден угулду,

Олтурат элем үйүмдө,

Опколжуп келип жүрөгүм

Оозума тыгылды.

Каралашкан катындар,

Кармалашкан келиндер,

Кошо жүргөн зайыптар,

Кошоматчы кишилер,

Жашы менен кары айтат,

Жалпы адамдын баары айтат:

—  Курсакты катуу сүздү дейт,

Эки колун толтура

Кан чеңгелдеп түштү дейт.

Орогондо чиренсе

Отуздагы кишидей

Ошондо да күчтүү дейт.

Бала да болсо мыкты дейт,

Байбиченин боорун

Балчыктай кармап чыкты дейт.


—  Ай, нени айтасың Акбалта,

Жанчыгымда бар эле

Сары алтындан бир калта,

Санап сага берейин

Жайытта малдан бир канча.

Сүйүнчү дейсиң, жакшы кеп,

Сүйүнгөн менен бай Жакып,

Чынын айтсаң болбойбу

Дүнүйөңдөн какшы деп.

Ай ботом, өлөңдүү жерге өрт койгон

Бир өткүр бала десеңчи

Өз журтума чуу салчу

Жеткир бала десеңчи.

Кара сууга кан куйган

Бир каңкорду тууган белем да

Калайыкка чаң салган

Анткорду тууган белем да.

Байбичемди өлтүрчү

Ажалды тууган белем да,

Баш бербеген дүйнөгө

Бир тажаалды тууган белем да!

Эр өлтүрүп соёр да,

Кункор кылып коёр да,

Нар өлтүрүп соёр да,

Пулкор кылып коёр да.

Кызыл-тазыл көрүнсө

Кыздардан ала качар да,

Малымды суудай чачар да.

Баласы боорун алыппы,

Же ботом, байбичем аман калыппы


Анда Акбалта кеп айтат,

Ачууланып бек айтат:

—  Балам жок дейсиң майышып,

Карам жок дейсиң кайышып.

Балага жаңы жетесиң,

Бай Жакып байым нетесиң?

Баладан малды жуук көргөн

Бакыл киши экенсиң.

Бекинем малга деп жүрүп

Бей ыйман өлөр бекенсиң!

Же берериң болсо берсеңчи,

Же бере албасаң Жакып бай,

Бербеймин сага десеңчи.

Айтарың болсо айтсаңчы,

Айтар малың жок болсо

Мен азыр үйгө кайтсамчы.


Акбалта сүйлөп салганы,

Ал сөзүнө Жакып бай

Арсаңдап күлүп калганы.

—  Андай болсо, Акбалта,

Мына бу алтынды алчы бир калта.

Эркегинин баарысын

Нээти казат караттым,

Ургаачысынын баарысын

Ак түлөөгө жараттым.

Үйрү үч жүз болуптур,

Жашы үч асыйга толуптур.

Камбар боздун үйрүнөн

Каалап туруп тогузду ал.

Төөдөн алгын төртөөнү,

Төрт уруу малдан төрт тогуз,

Калганы болсо, Акбалтам,

Катындардан калпып ал,

Кыз балдардан кымтып ал,

Келиндерден кетип ал

Сүйгөнүңдү сүйрөп ал,

Каалаганың кармап ал,

Жээк, жергемен жетип ал.

Сүйүнчүлөп келгениң

Болду бекен, Балта чал?!

Ай талааны нетели,

Аттангын, үйгө кетели.

Байбичеге жүрөлү,

Баласын барып көрөлү.


Акбалта менен бай Жакып

Айлына кайта барыптыр,

Аңыртка кеткен кырк киши

Алардын астынан чыгып калыптыр.

«Сүйүнчү бай, сүйүнчү!»

Айгайды алар салыптыр.


Кай бириңди ылгаймын,

Жакының бар, жатың бар,

Өз өзүңөр алыңар

Минген-минген атыңды.

Аттан куру калганың

Айт кудайга датыңды.

Бай Жакып үнүн укканы,

Канышбек менен Канымжан

Каршы басып чыкканы.

—  Бешик боосу бек болсун,

Кундагың боосу кут болсун!

— Бай Жакып айтып бу сөздү

Басып кирди үйүнө.


Жанут ичик жамынып,

Жаккан оттой камыгып.

Баласын алып болукшуп,

Байбичеси толукшуп

Олтурган экен үйүндө.

Бай Жакып шондо кеп айтат,

Бакдөөлөткө бек айтат,

Байбиченин баласын

Алып келчи деп айтат!

Бакдөөлөт барып кол сунду

Байбиче берип озунду.

Баланы Жакып алганы,

Бала деген шубу деп

Баркырап ыйлап калганы.

Кубанды Жакып, ыйлады,

Кучакта бала туйлады,

Баланын үнү баркырап,

Айбатынан атасы

Баары бою калтырап.

Баркырап ыйлап баласы

Жалмалап тамак карады,

Атакеси бай Жакып

Аяк-колун кармоого

Алы келбей барады.

Балаң кандай ыйлаак деп

Байбичени карады.

Берсең эмчек нетти деп,

Бир баланы тойгузбай

Пейлиң кандай кетти деп.

—  Жакшы эле менин сүтүм деп

Эки сорсо эмчектин

Немесин койбойт бүтүн деп,

Эң ачкараак балаң бар

Тамагына күтүн деп,

Байбиче сөзүн салганы.


Байкайын деп баласын

Бай Жакып көзүн салганы:

«Маңдайы жазы, башы кууш,

Бар боюнда турат тууш,

Кочкор тумшук, кош кирпик,

Көркү калча, көзү тик,

Жалаяк ооз, жар кабак,

Жаагы жазы, ээги узун,

Эрди калың, көзү үңкүр

— Эр мүнөзү көрүнөт.

Алакан жазык, колу ачык,

Аттанып чыкса жолу ачык

— Алп мүнөзү көрүнөт.

Кең көкүрөк, жайык төш,

Аркасы кең, бели түз,

Айбаты катуу, заар жүз

— Пил мүчөсү көрүнөт.

Жолборс моюн, жоон билек,

Жооруну калың таш жүрөк

Жылма кабак, жылдыз көз,

Бөрү кулак, жолборс төш,

Бөлөкчө түрү бар экен.

Кут кылган болсо кудайым,

Кудайдан жашын сурайын,

Кеткенден алар кегимди,

Кек алганын көрөрмүн,

Кетирбесе эбимди.

Өткөндөн алар өчүмдү,

Өч алганын көрөрмүн

Өлтүрбөсө өзүмдү».

Баштагы мүнөз жоголду

Бай Жакыптын нээтинен.

Бар кудайым берген деп

Баланын өптү бетинен.

Байбиче баланы алганы,

Балкайтып эмчек салганы.