Кириш сөз
02.11.2010 15:44
|
Мурункулардан калган сөз: Каракан, Угуз хандан кийин Аланча хан уругунан Байгур, Уйгур дегендер (болгон) экен. Байгур балдары Бабыр хандан Түбөй, Түбөйдөн Көгөй, андан Ногой, Шыгай, Чыйыр деген үч уул болгон. Ногойдон Орозду, Үсөн, Бай, Жакып деген төрт уул болгон. Кытай мамлекети буларды бөлүп кеткен. Ошондо Жакыптын Чыйыр деген агасы өлгөн. Андан кийин Жакып Чыйырдын Шакан аттуу катынын алган жана да манжурия калкынан Бөйөндүн уулу Чаян дегендин Бакдөөлөт аттуу кызын алган. Ушул эки катындан бир да бала болбогон, өзү элүү жашка келген. Эсепсиз бай болуп, салтанаты адамдан артык болгон. Байбичесинин Шакан аты калып, баштагы эринин аты менен Чыйырды деп атанып кеткен. Алиги Жакып бай баласы жоктукту арман кылып ыйлап, ушул төмөндөгү сөздөрдү айтат: Тукуму жок өтөм деп, Туяксыз кандай кетем деп, Жалгыз куу башым бар, Датым кимге жетем деп, Күндө-түндө тыным жок Дүнүйө жыйдым эпеңдеп, Ажал жетсе бир күнү Акыретке кетем деп, Артымда туяк болбосо Артык дөөлөт нетем деп, Баласы жоктон зарланып, Балалууну көргөндө Байкуш Жакып арданып, Ботосу жоктон зарланып, Ботолууну көргөндө Боздоп Жакып арданып, Көңүлү түрдүү сөгүлүп, Көздөн жашы төгүлүп, Бир кудайга зар айтып, Пил баштаган нар айтып, Мойнуна куржун салынып, Мазарды көрсө Жакып бай Баркырап ыйлап жалынып: Бербесе теңир чарам жок, Беш түлүктөн мал жыйдым Жашым жетти кырк сегиз, Дүнүйө күттүм куп тегиз. Акыретке бет алсам Алтын, күмүш пул калат, Алган жарым тул калат, Айдаган малга ээ болуп Алтайдан келген кул калат, Аргымак семиз кур калат. Атлес, шайы, дүрүйө
Артымда бала жок туруп Арбыды мынча дүнүйө, Айдап жүрүп акыры Азабын тарттым күнүгө. Зарлап жүрүп бала үчүн Зар болдум жакшы күлүүгө. Оболоп учкан ак шумкар Таптап салар кишим жок, Жаш күнүмдөн мал жыйдым Бала менен ишим жок. Жүргөнүм менин чала экен, Дүнүйө ээси бала экен, Артында бала жок болсо, Дүнүйөсү курусун, Бузулуп калган калаа экен. Атам Ногой хан болду, Жакып кандай жан болду? Айдаган жылкым сан болду, Айлымдын үстү чаң болду, Чайнаганы май болду, Чарбадары бай болду. Күрөөкө соот дат болду, Кермеде толгон ат болду, Көй күлүктү көргөндө Күлкүдөн Жакып жат болду. Ээлеп минер бала жок, Эгем кылса чара жок, Эркек бала күтөм деп Эр Жакыпта санаа жок. Жакып ушул сөздү айтып ыйлап, көңүлү бузулуп, көз жашы тизилип, жылкы, төө малдан кайтып, кудайга зарын айтып, Туучунак минип желип, бай Жакып туптуура үйүн көздөй келип, айлынын жанына жакын атасынын аты Акымбек, анын Мецдибай деген бир баласы бар эле, ошого жолукту. Он бир жашында, суусар бөркү башында, келди Жакып кашына, баланын көзү түштү Жакыптын жашына. — Ой, аке, эмне ыйлайсыз? Эртели-кечти эки көздөн жашты тыйбайсыз? — деп сурады. Ал сөзүнө Жакып жооп айтып турбады. Абдан катуу ыйлап, үйгө келип түштү. Атын байлабады, алды-артын карабады, караганга жарабады, үйгө кирди, киргенин Чыйырды байбиче көрдү. Кандайлыктан капаланды экен деп, эмне болду сизге деп, капалыктын жөнүн айтчы бизге деп, жооп сурады. Анда Жакып кеп айтат, Ачууланып бек айтат: — Эси жок кандай катынсың? Эсирген кандай капырсың? Эртели-кечти мен чыксам Элким үйдө жатырсың. Эркелеткен балаң жок, Эрмек болор адам жок, Же сүйөрүңө балаң жок, Же сүйөнүшөр адам жок. Ушундайды эстесем Сүлдөрүм бар, дарман жок, Сүйсөм бала арман жок! Баштатадан тек жүрдүм, Бала болор деп жүрдүм, Байкабастан көп жүрдүм. Кутмандуудан бата алдым, Куруп калсын дүнүйө, Куу баш Жакып атандым. Карыды Жакып куу баш деп, Калктын баары сени айтат Катыны жүрөт туубас деп. Санап туруп дүнүйө Заманам бүгүн айланды, Баштагы сенин жолуң кууп Бакдөөлөт жолу байланды. Эки катын алганым, Эч туяк көрбөй калганым, Эсиме түшүп элкиндик, Эгеме ыйлап зарландым. Бай Жакып турду муну айтып, Байбичесин муңайтып — Мендей карган кемпирди Мээнетке кудай келтирди. Менин элүүгө жашым жеткени, Эчактан бери түңүлдүм Эсимден бала кеткени. Эркелеткен катының Эмдиге туубай неткени? Бакдөөлөт аты коюлуп, Бала тууп бергендей Басып жүрөт чоюлуп. Эки катын биригип Эркек деп сени сактады, Эркелеткен катының Эмдиге бала таппады, Эзелден ишим тетири Эгем таала чактады. Мөмөсүз жыгач отундур, Туубай турган болгон соң Тумшугу жок катындыр! Байбиче турду майышып, Бай Жакып турду кайышып, Жетип келди Бакдөөлөт Жекенге буту чалышып. Бакдөөлөт туруп муну айтат, Байбичени муңайтат: — Мен шордууга нетти деп, Эжекемдин жолун кууп Этегимден кан чыкпай, Баштагы болгон эжемдин Жолун жолдоп кеттим деп. Бала десем зарланып, Бала туубай койгондон Байбиче өлбөйт арданып. Үйүм толгон көөхар таш, Үмүтүм көп, башым жаш. Жер ортосу Боз-Дөбө Билесиз басып жылбасын, Мээнет баскан Чыйырды, Пендени сендей кылбасын! Берер кудай өзүмө, Мен киргенде үйүңө Мен өңдөнгөн алуучу Көрүнөт экен көзүңө. Бакдөөлөт аны айтыптыр, Басып чыгып кайтыптыр. Аны көрүп байбиче Айтар сөзү жок болуп, Акыл ойлоп токтолуп, Көңүлү канча сөгүлүп, Көзүнүн жашы төгүлүп, Жүүнү бошоп жыгылып, Жүк алдына бүгүлүп: — Алагөр кудай барымды, Төрт түлүктүү малымды, Аман койсо чалымды Жашартар кудай жанымды. Ушунчанын ээси Угар бекен зарымды? Алда берсе тилегим Аябас элем барымды. Аны айтып байбиче Башын койду жаздыкка, Бакдөөлөттүн көңүлү Кеткен экен кастыкка. Кас көңүлү билинди, Ыйлап жатып Чыйырды Чырым көзү илинди. |