Жекшемби, Сентябрь 08, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУнун гимни (угуп же көчүрүп алууга болот)

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Гимни

________________________________________________________________________________

Сөзү: Жалил Садыковдуку

Музыкасы: Сардарбек Жумалиевдики

1-куплет:

Келгиле деп сен эшигиң ачканы,

Билим алды миңдеп кыргыз жаштары.

Окуу жайдын ордосу деп биринчи,

Ойлорунда жүрөт дайым сакталуу.

Кайырма:

Улуттук университет,

Билимдин сенсин булагы

Улуттук университет,

Жаштыктын жанган чырагы.

Улуттук университет,

Таалайдын өчпөс күнүсүң

Улуттук университет,

Өмүрдүн соолбос гүлүсүң.

2-куплет:

Сен түшүнтүп илим-билим сырларын,

Ким унутсун студенттик жылдарын,

Анда достор тууну бийик көтөрүп,

Ата журттун арттыралы жыргалын.

Кайырма: