Жекшемби, Июнь 02, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Адабият – жан дүйнө азыгы

2016-жылдын 5-12-декабрь күндөрү педагогикалык факультетте "4-декабрь - «Манас» эпосун белгилөө күнү" жана "12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө" арналган «Адабият – жан дүйнө азыгы» аттуу адабият жумалагы болуп өттү.

  • Жумалык 5-декабрда жаш манасчылар Нурсултан Имашов, Бексултан Имашов, Канат Бөкөевдердин манас айтуусу менен ачылды. Андан соң, акын-жазуучулар Тазагүл Закирова, Олжобай Шакир, Эрлан Жумагазиев, Мирлан Алтымыш уулу, Рыскүл Изатова, Бекболот Сарыбаевдер Улуу Манас Ыры жана Улуттук адабият жөнүндө сөз сүйлөшүп, студенттерди китеп, көркөм чыгарма окууга үндөштү. Ошондой эле, өздөрүнүн жеке чыгармачылыктары менен бөлүштү жана лирикалык ырларынан көрөм окушуп, кечени көркүнө чыгарышты.
  • 6-декабрда студенттер арасында «Манас» – улут тиреги», «Адабият – турмуш күзгүсү», «Тарыхый окуялар көркөм адабиятта» деген темалар боюнча дилбаян жазуу сынагы өтүп, жалпы студенттер калем күчүн сынашты.
  • 7-декабрда, Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмоновго арналган «Бир залкар келсе, дүйнөгө, бир залкар кеткен дүйнөдөн» аттуу адабий кече болду. Бул кечеде 6-курстун студенттери тарабынан Алыкул Осмоновдун ырлары көркөм окулуп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары сахналаштырып коюлду.
  • 8-декбрда, УСТАТ академиясынын негиздөөчүлөрү айтылуу төкмө акын Азамат Болгонбаев жана акын, белгилүү журналист Мирлан Самыйкожо менен студенттердин жолугушуусу болду. Жолугушууга Педагогикалык факультеттин студенттеринен тышкары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери да катышып, адабият, маданият, тарых, акындык, чечендик өнөр жөнүндө жана башка ар түрдүү темада эркин ой бөлүшүштү.
  • 9-декабрда, студенттер арасында көркөм окуу, монолог айтуу сынагы болуп, ага Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин инновациялык колледжинин студенттери да катышты.
  • 12-декабрда, жумалыкты жыйынтыктоо иш-чарасы болду. Алгач, жумалыктын алкагында өткөрүлгөн дилбаян, көркөм окуу, монолог айтуу сынактарынын жыйынтыгы угулуп, жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу китептер менен сыйланды. Андан кийин, акын, прозаик Кубанычбек Аркабаев жана Бердибек Жамгырчиев, Максат Жангазиев, Рыскүл Изатова, Умар Усубалиев, Садырбек Турдубек уулу, Акжол Дооранбек уулу, Юруслан Азимбеков, Элчибек Макеев, Чолпон Орозалиева, Алмазбек кызы Шарипа, Алина Абдыкеева, Абыканов Изат, Замирбек Орозбай уулу, Адилет Зарылбек уулу сыяктуу жаш акындардын катышуусунда поэзия кечеси менен уланды.       Ошентип, «Адабият – жан дүйнө азыгы» аттуу адабият жумалагы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул жумалык иш-чараны Педагогикалык факультеттин филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын кыргыз тили жана адабияты окутуучулар жамааты уюштурду. Алар: Каным Сураналиева, Улан Турдалиев, Каныбек Абдраимов, Адилет Самсалиев, Бурма Назарбекова, Айзада Салиева, Кипариса Кулболдиева ж.б.

Адилет Самсалиев - факультеттин окутуучусу