Дүйшөмбү, Июнь 03, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда профессор Таштанбек Сияевдин "Истоки успеха" аттуу китебинин бет ачаары болду

002021-жылдын 12-июнь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында педагогика илимдеринин доктору, профессор Таштанбек Сияевдин «Истоки успеха. Рефлексия» аттуу китебинин бет ачаары болуп өттү. Китептин авторун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан (Тиллебаев) куттуктап, чыгармачыл ийгиликтерди каалады.

“Рефлексия ийгиликтин башаты” аттуу тренинг өткөрүлгөндөн кийин, Таштанбек Сияевди маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев; УИАнын корреспондент-мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакунов; филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Маразыков; Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин профессору Топчубек Исаев; Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Акматали Алимбеков; педагогика илимдеринин доктору, профессор Нуржан Сартбекова; педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев куттукташты.

Жыйындын жүрүшүндө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев китептин авторун "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин  менен сыйлады.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

55

56

57

59

60

61

62

63

64

65

book 01

book 02

book 03

book 04

press knu 2021