Башкы имараттын фойесине жаңы жылдык балаты орнотулду
16.12.2020 13:51
2020-жылдын 15-декабрында коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин кызматкерлери университеттин окутуучулары менен студенттерине жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында башкы имараттын биринчи кабатындагы фойеге бийиктиги 4 метр болгон балаты орнотуп, оюнчуктарды илип, чырактарын жандырышты. Анын айланасында кесиптик бирлик комитети тарабынан окуу жайдын кызматкерлеринин балдары үчүн Балаты майрамы да өткөрүлөт.