Дүйшөмбү, Июнь 03, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУнун командасы радиотаймаштагы жеңиши үчүн ректордун мактоо баракчасы менен сыйланды

02020-жылдын 10-декабрь күнү ректордун кабылдамасында ЖОЖ студенттери арасында өткөн “Тилим менен улутмун” республикалык радиотаймашта 1-орунду ээлеген КУУнун студенттерин сыйлоо аземи болуп өттү. Ректор Канат Садыков аларга өзүнүн ыраазычылык баракчасы менен Ысык-көлгө жолдомонун сертификатын тапшырып, студенттердин окууларына ийгилик каалады жана "коомдук иш чараларга активдүү катышуу менен Улуттук книверситеттин даражасын дагы да бийик көтөрүп, көптөгөн жеңиштерди багынта бергиле" деген каалоо тилегин билдирди. 

Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алгандыгына 30 жылдыгына карата Кыргыз радиосу жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия биргеликте уюштурган “Тилим менен улутмун” аттуу ЖОЖ студенттери арасында өткөн  республикалык радиотаймашта Улуттук университеттин студенттери 1-орунду ээлеген.

Сыйлангандар:

  • Жакшылык кызы Асель - команданын жетекчиси, тарбия иштери боюнча бөлүмдүн координатору
  • Талантбек кызы Назира - педагогика факльтетинин 4-курс студенти
  • Бектурова Кайырма - педагогика факультетинин 4-курс студенти
  • Аблгазы кызы Кылым - педагогика факультетинин 4-курс студенти.

Жеңиш ээлерин о.э. коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Каныбек уулу Ардакбек да куттуктады. 

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

Коконбай кызы Акжолтой - тарбия иштери боюнча бөлүмдүн координатору