Дүйшөмбү, Июнь 03, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Студбейтапкананын врачы матфактын студенттерине сасык тумоодон сактануу жолдорун айтып берди

0

2019-жылдын 26-ноябрында №6-окуу имаратынын 117-дарсканасында студенттик бейтапкананын врачы Абдыкеримова Зарема математика жана информатика факультетинин студенттери үчүн "Сак бол - сасык тумоо!" темасында лекция окуду. Иш чаранын жүрүшүндө аталган оорунун алдын алуу чаралары, санитария жана гигиена эрежелерин сактоо тууралуу видио-роликтер көрсөтүлдү.

Андан кийин Зарема Абдыкеримова сасык тумоонун негизги белгилери, андан сактануу жолдору, кош бойлуу аялдар үчүн өзгөчө коркунучтуу экендиги тууралуу лекция окуду. Врачтын айтымында, сасык тумоону алдын алуу үчүн жалпы коомдук жайларда, балдар мекемелеринде, ооруканаларда жана ашканаларда санитариялык-гигиеналык эрежелерди так сактоо талап кылынат.

Студенттик кеңештин төрөгасы Адылбеков Рустам дене тарбия жана спорт менен машыгуу, туура жана сапаттуу тамактануу жаштар үчүн чоң мааниге ээ болуп, аталган оорудан арылууга алып келерин баса белгиледи.

Иш чаранын аягында студенттер пайдалуу жана кызыктуу лекциясы үчүн Зарема Абдыкеримовага ыраазычылык билдиришти.

02

04

06

08

Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент