Дүйшөмбү, Июнь 03, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Аймакты өнүктүрүүгө багытталган аракеттер (жаңыланды)

00Президентибиз С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп атоо боюнча Жарлыгында мерчемделген иштердин аткарылышына жакындан жардам көрсөтүү максатында КУУнун ректору Канат Садыковдун 2018-жылдын 10-май күнкү № 7-32/63 буйругуна ылайык 2018-жылдын 13-14-май күндөрү университеттин 23 кызматкери (проректор, кесиптик кошундун төрагасы, 15 декан, колледждердин 2 башчысы жана 4 лектор) Талас облусуна баруулары каралган болчу.

Айрым бир жүйөөлүү себептерге байланыштуу 15 декандын төртөө баралбай калышты. Калган 19 кызматкер эки күндүк иш сапар менен Талас облусуна барышты. 13-май күнү Улуттук университеттин расмий тобун Өкмөттүн Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары кызматкерлери менен тосуп алышып, облустун  тарыхый-этнографиялык маанидеги жерлери менен тааныштырды.

14-май күнү эрте мененки саат 9.00дө Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.М.Мураталиев университеттин жумушчу тобун кабыл алды. Тараптар ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Расмий жолугушуудан соң Улуттук университеттин жумушчу тобу эки тайпага бөлүнүп иш алып барышты. Проректор С.А.Тиллебаев менен мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы  К.Ж.Базакеева курамында болгон топ облустук администрациянын имаратындагы чоң жыйындар залына чакырылган облустук, райондук  администрациялардын кызматкерлери, райондордун башчылары-акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен кереге кеңеш өткөрүштү. Жыйында Адистерди кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу факультетинин окутуучусу, КР экономика министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү А.О. Ташиев менен ушул эле факультеттин улук окутуучусу, экономика илимдеринин кандидаты А.Ж.Парманасовалар кызыктуу жана маңыздуу баяндамаларды жасашты. Мамлекеттик сатып алуулар, логистикалык борборлорду түзүү, смета түзүү, муниципалдык, жергиликтүү жана жеке кызматташтыктын (партнерство) түрлөрү ж.б.маселелер боюнча кеп болуп, айыл өкмөттөрдүн башчыларынынжүрөк өйүгөн көптөгөн суроолоруна жооптор берилди. Эки тарап үчүн тең кызыктуу болгон кереге кеңештин соңунда бир айыл өкмөтү пилоттук изилдөөгө тандалып алынды, мамлекеттик тилде даярдалган 24 (жыйырма төрт) иш кагаздарынын үлгүсү таркатылып берилди, логистикалык борбор түзүүүчүн келишимдерди даярдоого жардам берүү каралды. Администрация кызматкерлери менен айыл өкмөттөрүнүн жоон тобуна Улуттук университеттин Ардак грамоталары тапшырылды.

Ал эми декандардан түзүлгө экинчи топ А.Огомбаев атындагы облустук музыкалык мектептин чоң жыйындар залында областын борборунан, райондордон жана мектептерден келишкен элге билим берүү кызматкерлери менен жыйын өткөрүштү. Кадр даярдоонун Улуттук университеттеги өзгөчөлүктөрү, факультеттер жана аларда болочок кадрларды даярдоонун ыкмалары, аймактардагы мектептер менен иштешүүнүн жолдору, тарбиячы менен окуучунун ортосундагы мамлелердин абалы ж.б.лар тууралуу кызыктуу талкуу болду.

Бүтүрүүчүлөрдү кесипке багыттоо максатында мектептерде “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлүп, КУУ тууралуу буклеттер таратылды жана видеотасма көрсөтүлдү. “Мугалим” журналынын баш редактору Рахат Сулайманова журналдын аймактык билим берүү тармактары менен иш алып баруусу жана мугалимдерге маалыматтык, методикалык колдоо көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуу учурунда билим берүү багытындагымыкты жетекчилерге ыраазычылык кат, ардак грамоталар тапшырылып, мугалимдерге “Мугалим” журналы, Кыргыз Республикасынын Эл мугалимдеринин сүрөттөрү түшүрүлгөн календарлар, блокноттор жана сумкалар белекке берилип, улуу кесиптин ээлери сыйга бөлөндү.

Эки күнгө созулган иш сапары эки тарап үчүн тең пайдалуу болду. Албетте, бул кызматташуубуздун башталышы гана. Алдыда аткара турган, мерчемделген иштерди соңуна чыгара турган көп жумуштар бар.

03

05

09

07

01

11

Садык (Алахан) Тиллебаев

мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор