Дүйшөмбү, Июнь 03, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КУУда Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылды (толукталды)

alt2013-жылдын 23-сентябрында башкы имараттагы Мамлекеттик тил кабинетинде Мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган көркөм окуу жана дубал гезиттер боюнча сынактын жыйынтыгын чыгарууга арналган жыйын болуп өттү. Иш-чараны окуу жайдын мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова ачып, сөздү КУУнун биринчи проректору Эрмек Усекеевге берди. Биринчи проректор жыйындын катышуучуларын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, мамлекеттик тилде иш жүргүзүү Улуттук университетте приоритеттүү багыт экенин белгиледи жана факультет, институттарда өткөн сынактын биринчи этабында ийгиликке жетишкен студенттерге ийгиликтерди каалады. Сынактын экинчи этабынын катышуучулары бул күнү кыргыздын алп акыны Алыкул Осмоновдун, Кыргыз Эл акыны Эсенгул Ибраевдин, о.э. эне тил тууралуу өздөрү чыгарган ырларынан көркөм окуп беришти. 

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Иш-чаранын соңунда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.

Көркөм окуу боюнча:

1-даражадагы диплом: Нурдин кызы Гулира - химия жана химиялык технология факультетинин студенти

2-даражадагы диплом: Аманбеков Ноорузбек - журналистика факультетинин студенти

3-даражадагы диплом: Зарылбек уулу Адилет - ПКМДИнин филология факультетинин студенти

Дубал гезиттер боюнча:

1-даражадагы диплом: Манапов Азамат - ЭББПИИнин эл аралык мамилелер факультетинин студенти

2-даражадагы диплом: Аскарбекова Акшоола - ККИнин студенти

3-даражадагы диплом: Сапаралиева Жамийла - ЭББПИИнин чыгыш таануу факультетинин студенти.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясы чет өлкөлүк студенттер арасында өткөргөн “Салам Кыргызстан” аттуу сынакта 2-орунду ээлеген Улуттук университеттин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин магистранты, Корея өлкөсүнүн жараны Пак Капсуну жыйындын катышуучулары кызуу куттукташты.

Белгилеп кетчү нерсе - аталган сынакка Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо окуган 19 чет өлкөлүк студент катышып, Пак Капсу Улуттук тил комиссиясынын Ардак грамотасына жана 8 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болгон.