КУУнун студенттери Чыңгыз Айтматовго арналган БГУдагы студенттик конференцияга катышты
10.12.2013 09:30
2013-жылдын 9-декабрында К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде “Чынгыз Айтматов түрк дүйнөсүндө” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция болуп, ага “Ататүрк” эл аралык, Кыргыз-Түрк “Манас”, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттеринин студенттери катышты. Залкар жазуучунун чыгармалары студенттер арасында кызуу талкууга алынып, суроолор берилип, конференция кызыктуу өттү. Курамына тарых жана чөлкөм таануу факультетинин Алагөз уулу Азамат (5-курс), Эсенкан кызы Сымбат (4-курс), Аксайбек уулу Адылбек (3-курс), Искаков Эламан (3-курс), Субанбекова Бегимай (3-курс) жана Бейшенбеков Бакыт (2-курс) сыяктуу студенттери кирген КУУнун делегациясын факультетин методисти Жумабек кызы Жыпара жетектеди.
Конференцияда КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 5-курс студенти Алагөз уулу Азамат 1-орунду ээлеп, Мактоо баракчасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орунга БГУнун 3-курс студенти Акимканова Зарина ээ болуп, Мактоо баракчасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды. 3-орунду Даткаева Перизат алып, ал да Мактоо баракчасы жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Калган суденттер “активдүү катышкандыгы үчүн Мактоо баракчалары менен сыйланышты.
Материалды даярдаган:
Жумабек кызы Жыпара - тарых жана чөлкөм таануу факультетинин методисти