Баннер

Choice of a site language

kg_m RU KG

2017–окуу жылында жасалган иштер боюнча отчет

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Аспирантура жана докторантура бөлүмү өндүрүштөн тышкаркы (күндүзгү бөлүм) жана өндүрүштөн үзгүлтүксүз (сырттан окуу бөлүмү) боюнча бюджеттик жана контрактык негизде аспиранттарды, изденүүчүлөрдү жана докторанттарды 15 илимий багытта 50дөн ашык адистиктерде даярдайт.

01.01.2018 карата аспиранттардын жалпы контингенти бардыгы болуп 238 адам, алардын 115и бюджеттик негизде окушат, анын ичинен 25 күндүзгү бөлүмдө, ал эми 90 аспирант сырттан окуу бөлүмдө окуп жатышат. Контрактык негизде 123 аспирант бар, анын 27 күндүзгү бөлүмдө, 96 сырттан окуу бөлүмүндө  окуп, илимий иштерин жүргүзүшүүдө. Бардыгы болуп, күндүзгү бөлүмдө, 52 аспирант, сырттан окуу бөлүмүндө 186 аспирант даярдалууда. Быйылкы жылы (2017-жылга) бүтүп кеткендердин жалпы саны - 57, анын 22си бюджеттик негизде (35 келишимдик негизде) окугандар.

Докторантурада докторанттардын жалпы саны 5, алардын ичинен: физика–математика илимдер багыты боюнча - 1, экономикалык илимдер боюнча - 1, философиялык илимдер боюнча - 1, филологиялык илимдер боюнча - 1, саясий илимдер багыты боюнча - 1 докторант бар. Быйылкы жылда докторантураны бүтпөй мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен бирөө, бүтүп кеткендер жана жаңы кабыл алынгандар жок. Изденүүчүлөрдүн жалпы саны – 39, бүтүп кеткендер 20.

01.01.2018 карата күндүзгү бөлүмдөн сырттан окуу бөлүмүнө 3 аспирант которулду, 4 аспирант кайра өз ордуларына калыбына келтирилип кабыл алынды, 57 аспирант окуу акысын өз убагында төлөбөгөндүгүнө, кафедра менен байланышы жок болгондугуна жана окуу мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу аспирантурадан чыгарылды.

2017–жылдын сентябрь–ноябрь, декабрь айларында быйылкы жылга 1-курска аспиранттарды кабыл алуууюштурулуп жүргүзүлдү. Жаңыдан 1-курска тапшырып өтүүчүлөр ноябрь, декабрь айларында атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде, адистик боюнча, чет тилден, философиядан жана мамлекеттик тилден экзамендерди беришип сыноодон өтүштү. Экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандар конкурстун негизинде аспирантуранын 1-курсуна кабыл алынышты. Анда бардыгы болуп, 12 илимдердин тармагы жана 30 адистик боюнча 80 аспирант кабыл алынды. Анын 35 (44%), бюджеттик негизде 45 (56%) контрактык негизде кабыл алынышты. Алардын ичинен 10 (12,5%) аспирант бюджеттик негиздин күндүзгү бөлүмүнө өтүштү алар университет тарабынан стипендия алышат.

Адистиктер боюнча салыштырып карасак, негизинен юридикалык, экономикалык, педагогикалык жана филологиялык илимдер багыты боюнча адистиктерге келип тапшырышкан аспиранттардын саны башка адистиктерге караганда бир кыйла көп. Б.а. юридикалык илимдер боюнча - 19, экономикалык илимдер боюнча - 14, педагогикалык илимдер боюнча -  9, филологиялык илимдер боюнча -9 өткөн. Бул көрсөткүч быйылкы жылы жалпы аспирантурага тапшырып өткөндөрдүн 64%ин түзөт. Калган илимдер боюнча тапшырып кабыл алынган аспиранттар 36%ти түздү. Былтыркы жылы жалпы 59 адам аспирантурага тапшырып өтүшкөн болсо, быйылкы жылы 21 адамга көп тапшырып өтүшкөн. Демек, аспирантурага кызыгуучулардын саны 26%ке өскөн десек болот. Аспиранттардын изденүүчүлөрдүн жана докторанттардын илимий жетекчилери жана кеңешчилери бардыгы болуп 144 анын 76сы бюджеттик негизде 68 контрактык негизде окуган аспиранттарды жетектешет. Алардын ичинен илимдин докторлору, профессорлор –  119, анын - 61 бюджет боюнча (58 контракт), 2 КР УИАнын анык мүчө корреспонденти жана 25 илимдин кандидаттары, доценттер жетекчилик кылышат.

Аспиранттар жана изденүүчүлөрдүн кандидаттык минимум экзамендерин тапшырууга даярдануу боюнча: илимдердин философиясы жана тарыхы, чет тилдери (англис, немец, француз) жана мамлекеттик тил боюнча атайын курстар уюштурулуп, сабактар жүргүзүлдү, аларга университеттин тажрыйбалуу педагогдору - илимдин докторлору, кандидаттары сабак берип жатышат. Бул курстарды жүргүзүүүчүн, КР ЖАКна тиешелүү буйруктар коштомо каттар өз убагында тапшырылып уруксат алынды.

Ар дайым тиешелүү документтер: буйруктар, билдирүүлөр, заявкалар, справкалар, отчеттор, күбөлүктөр, кандидаттык экзамендердин протоколдору, аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн өздүк документтери өз убагында жасалып турулду. Отчеттук мезгилде адистиктер боюнча 18 диссертанттын адистик боюнча кандидаттык экзамендери уюштурулуп өткөрүлдү.

Ар дайым кандидаттык диссертациялардын темаларын жана илимий жетекчилерин университеттин Илимий Техникалык Кеңешине (ИТК) алып чыгуу үчүн тизмелер даярдалып Илимий Техникалык Кеңеште бекитилди. Жылдын ичинде Илимий Техникалык Кеңеште жанауниверситеттин Окумуштуулар Кеңешинде бекитилген кандидаттык жана докторлук диссертациялардын темалары ЖАКтын сайтына жана КУУнун сайтындагы реестрге коюлду.

Диссертациялык кеңештер тууралуу материалдар топтолуп аныкталды. 2017  - жылы университет боюнча 4 адистештирилген диссертациялык кеңештер иштеди:

Диссертациялык советтердин аталышы

Номери

Төрагасы

1

Физика-математ. илимдер

Д 01.17.560

Чекеев А. А. -  ф.-м.и.д., профессор

2

Экономикалык илимдер

Д 08.15.519

Исраилов М.И. – э.и.д., профессор

3

Филологияк илимдер

Д 10.16.525

Акматалиев А. – филол. и. д., проф.

4

Педагогикалык илимдер

Д 13.16.527

Муратов А. Ж. - п.и.д., профессор

2017-жылы факультеттерден чогултулган маалыматтардын боюнча университет боюнча3 – докторлук, 17 – кандидаттык диссертация корголгон. 12 адам диссертациясын коргоо алдындагы талкуулоодон өтүшкөн.

Жылдары

Кандидаттык диссертациялардын саны

Докторлук

диссертациялардын саны

Жалпысы

2013

20

6

26

2014

16

6

22

2015

19

5

24

2016

21

7

28

2017

17

3

20

Жалпысы

93

27

120

Белгилепкетсек, акыркы учурларда физ.-мат.и.д., проф. А.А.Чекеевдин,  э.и.д., проф. А.А. Саякбаеванын, ю.и.д., проф. К.М. Сманалиевдин, пед.и.д., проф. Н.И. Ишекеевдин, ю.и.к., доц. К.С. Раманкуловдун ж.б. аспиранттары жана изденүүчүлөрү башка илимий жетекчилердин аспиранттарына караганда диссертацияларын бир топ ийгиликтүү коргоп жатышат. Жогорудагы аты аталган окумуштууларыбызга чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Аспирантурада чет өлкөлүк жарандар: Турциядан, Россиядан,  Иорданиядан, Кытайдан,  Монголиядан, Казакстандан келип окуп жатышат.

Анализ жана келечектеги пландар.

Илим менен алектенген жаштарыбыз айрыкча табигый илимдер боюнча аз себеби, материалдык колдоо жетишпейт, ички мотивация, стимул жокко эсе. Кээ бир илимий жетекчилер аспиранттар менен тыгыз байланышып, жакындан жардам берип иштешпей жаткан учурлар бар.     Аспиранттар диссертациялык иштин темасын тандоо учурунда кыйналышат.  Диссертациялык иштердин темалары ар тараптуу жакшы ойлонулуп, факультеттердин, кафедралардын илимий багыттары менен бирдиктүү системада тандалбайт. Аспиранттардын иштерин бирдиктүү көзөмөлгө алуу, аттестация боюнча графиктерди түзүү аны убагында өткөрүү, жакындан жардам көрсөтүү көпчүлүк учурда байкалбайт.

Отчеттун негизиндеги сунуштар:

Бөлүмгө:

  • аспиранттарды аттестациядан белгиленген мөөнөттө өткөрүүнү көзөмөлгө алуу; кандидаттык диссертациялардын өз убагында корголбой калуусунун себебин издеп, анализ жүргүзүү; бөлүмдүн ишин автоматташтырууну улантуу; аспиранттардын, изденүүчүлөрдүн жана докторанттардын, алардын жетекчилеринин базасын түзүп, программага кийирүү; аспиранттарга ар дайым консультация берип, семинарларды уюштуруу ж.б.
  • факультеттеги кафедралардын башчыларына: аспиранттарды аттестациялоонун графигин түзүү, окуу процессине, өздүк пландарынын түзүлүшүнө, окуу сабактардын, практикалардын өткөрүлүшүнө көз салуу, текшерип туруу
  • илимий жетекчилерге: аспиранттардын өздүк пландарынын аткарылышына, аттестациялоонун белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүшүнө, убагында диссертациялык иштин корголушуна катуу көзөмөл кылуу, аспиранттын өздүк окуу пландарын иштеп чыгуусуна жана аткарууга жардамдашуу, диссертациялык иштердин өз убагында корголушун камсыз кылуу сунушталат.

Кошумча материал

Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы

п.и.к., профессор Т.А. Курамаева