


"Кыргызстан - менин Мекеним!", Нурманбетова Жазира ( География, экология жана туризм факультети, 4-курс, Гк - 1 - 06 )
27.12.2010 17:58
Кыргызстан - менин Мекеним!
Нарын
Асман тиреп тоолоруң бийиктериң,
Анда ойнойт аркар-кулжа кийиктериң.
Ылдыйта Ата-Журттун сакчысында,
Тик турат арстан журөк жигиттериң.
Кыргызым илгертеден мекендеген,
Нарыным мекеним сен ичиң кенен.
Соң-Көлдө, Чатыр-Көлдө жүрсөм дагы,
Араңан зор тынчтыктын гүлүн терем.
Чүй
Жүзүң да гүл, өзүң да гүл жайнаган,
Жыпар жытың жыл айланса жанбаган.
Жыргалым да ырысым да өзүңсүң,
Чүй мекеним өлбөс бүчүр байлаган.
Жүздөп аянт жүзүн кылдап жеримдин,
Жүзүн ачып жашыл талаа эгиндин.
Жүрөктөрдүн кан тамыры сыяктуу,
Чүй суусу - кубанычы элимдин.
Талас
Сахна кылып кызыл жайык таштарын,
Сайраганын уксам тоомдун куштарын.
Элестетем тынчтык ырын ырдаган
Эл сыймыгы Таласымдын жаштарын.
Бабам Манас өскөм жерим, Таласым,
Чынгызды да тапкан элим Таласым.
Чолпонбайдай баатырлардын неченин,
Тарбиялап келген жерим Таласым.
Ысыккөл
Дүйнөдө жок Ысыккөлүм өзүңсүң,
Ала-Тоом мекенимдин көзүсүң.
Жайкалып чалкып жатсаң мелтиреп,
Касиетиңе айтчы келер теңелет.
Тоолордун ортосунан орун алган,
Коногуң көп кучагыңда толуп турган.
Канчалаган пенделерди дарылайсың,
Ысыккөлүм касиетиң каарыбасын.
Жалалабад
Жай бассам тооңдо таш менен,
Жактырып карап көз менен.
“Жерби”- деп ойлоп бейиштей,
Жеткире албайм сөз менен.
Жалалабад ата-бабам мекендеген,
Эл жашайт кучагыңда нечендеген.
Даңкыңды даңазалап дүйнөгө,
Кыргыз эли, жангагың да өзүң менен.
Ош
Карагай, арча мол кенен,
Тиккендей болуп кол менен.
Ош шаарым сонун жерде экен,
Курчалып Сулайман тоо менен.
Акбуура агып мол, кенен,
Ташкындап чуркап ой менен.
Талааны жашыл гүлдөтсө,
Тай, кунан чуркайт жол менен.
Баткен
Жыт аңкытып, жан жыргатып,
Жаз келгенде өрүк гүлүм.
Жан сергитет, сүйүү козгоп,
Айгүл гүлүм - өмүр гүлүм.
Баткенимде, жыт аңкытып,
Жаз келгенде өрүк гүлүм.
Жүрөк кылын козгоп ийет,
Айгүл гүлүм - өмүр гүлүм.
Сообщения можно оставлять без регистрации на сайте. Они будут опубликованы после проверки модератором на цензурность.