Среда, Мая 08, 2024

Общественная жизнь

2017-жылдын 22-сентябрында Кадрларды кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу факультетинде 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тил – ар бир элдин казынасы, байлыгы» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Факультеттин деканы Шамшиев А.Б. окутуучулардын жамаатын, Маалыматтар-технологиялар колледжинин студенттерин жана гимназиянын окуучуларын Мамлекеттик тил күнү менен кызуу куттуктады. Кыргыз тили жана адабияты сабактарынан берген окутуучулар жана окучуулар тарабынан даярдалган концерттик программада «Манас» эпосунан үзүндү, кыргыз элибиздин каада-салттарынан бир үзүм, комуздун коштоошусундагы керемет күү, өздүк чыгармалар жана кыргыз бийлерин көрсөтүү менен бирге мамлекеттик тилдин көркөм сөз каражаттарын, элдик таланттарды даңазалоо башкы максаты ишке ашты.  Концерттик программа катышуучулардын жана эмгек жамаатынын купулуна толду. 

* * * 

2017-жылдын 15-ноябрында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин окутуучулары, студенттери жана окуучулары Кыргыз Мамлекеттик  Бакен Кыдыкеева атындагы жаш корүүчүлөр театрында өткөн Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыгынын лауреаты Бакен Кыдыкеева эженин турмушуна жана чыгармачылыгына арналган «Талант жана Тагдыр» аттуу спектаклин көрүп келишти. Спекталь бардык көрүүчүлөрдүн көңүлүнө жагып, соңунда белгилүү актерлор менен жолугушуп, эстеликке сүрөткө түшүштү.  Бул маданий иш-чаралар Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин жана Кыргыз Мамлекеттик  Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын ортосундагы келишимдин негизинде уюштурулган. 

2

1

3

4

5

* * *

2017-жылдын 5-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультети "Мугалимдер күнүн" белгиледи. Факультет жамаатын кесиптик майрамы менен декан Алайбек Шамшиев куттуктап, алдыңкы окутуучуларга грамоталарды тапшырды.

Андан кийин факультеттин алдындагы колледждин таланттуу студенттери менен гимназиянын окуучулары ар бир адамдын калыптанышына, турмушта түз жолуна кадам таштоосуна үндөгөн, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон_эже-агайларын майрамы менен куттуктап, концертттик программа көрсөтүштү жана жаркын гүлдөрдүн букеттерин тапшырышты.

01

02

03

04

05

06

07

08

09

10

* * *

2018-жылдын 3-мартында Кадрларды кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу факультетинин алдында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желек күнүнө карата салтанаттуу линейка өткөрүлдүФакультеттин деканы Шамшиев Алайбек Мамлекеттик туунун 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилгенин, желектин авторлорун жана анын чечмеленишин айтып берди. Ошондой эле, маалымат технологиялар колледжинин студенттерине жана гимназиянын окуучуларына өсүп келе жаткан жаш муундарды өлкөбүздүн символдарына сый мамиле кылууну жана патриот болууга үндөдү. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни ырдалып, Желеги желбиреди. Кураторлор тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикалары» жөнүндө сабактан тышкаркы ачык сааттар өткөрүлдү.

0

1

2

3

* * *

2017-жылдын 31-октябрында Ж. Баласагын атындагы КУУнун башкы жыйындар залында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин алдындагы Гимназиянын окуучуларын гимназист наамына арноо аземи өткөрүлдү. Факультеттин деканы Шамшиев А.Б. жана Гимназиянын башчысы Нуралиева Г.М. куттуктоо сөздөрүн айтышып, окууларына чоң ийгиликтерди каалап, жетишүүчүлүк китепчелерин тайпалардын куралорлоруна жана старосталоруна тапшырышты.

11-класстын окуучулары кураторлору менен биргеликте концерттик программаны даярдашты. Бул концертте «Эмне? Качан? Каякта?» деген сынагы ойнотулуп, окуучулардын Гимназия тууралуу билими текшерилип, жеңүүчүлөр белекке ээ болушту, ошондой эле,  лоторея билеттери ойнотулуп, окуучулар да, мугалимдер да белек утуп алышты, ырлар ырдалып, бийлер  бийленип, абдан жогорку деңгээлде өткөрүлүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Концерттин соңунда окуучулар ант беришти да, чыныгы гимназист наамы ээ болушту.

Ийгилик сага Гимназист!

1

2

3

4

5

* * * 

2017-жылдын 24-ноябрь күнү «Кто, если не я?» кайрымдуулук айлыгынын алкагында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин алдындагы гимназиясынын мугалимдери жана окуучулары менен Беловодскийдеги психоневрологиялык балдар үй интернатына жана балдар үйүнө (1 жаштан 3 жашка чейинки) барышты. Ал жердеги кичинекей бөбөктөргө концерт уюштуруп, театрлаштырылган оюн көрсөтүшүп, ырлары ырдап, бийлерди бийлешип, ошондой эле аларга азык-түлүктөрдү, жууп-тазалоочу каражаттарды, оюнчуктарды, ар кандай таттууларын беришип, жакшы маанай тартуулап келишти.

Мындай иш-чаралар жаңы өсүп келе жаткан жаш муундарды кайрымдуулукка, боорукерликке жана айкөлдүккө тарбиялоо максатында өткөрүлүп турат.

Белгилеп кетсек, ККДжанаКЖ факультетинин мугалимдери, студенттери жана окуучулары мындай_иш-чараны жыл сайын уюштуруп келет.

1

2

4

6

* * *

2018-жылдын 5-март күнү Ак калпак майрамын Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорлатуу факультетинин алдындагы Гимназиянын окуучулары концерттик программа менен белгилешти.

Факультеттин деканы Шамшиев А.Б. бардык катышкандарды ак калпак майрамы менен кызуу куттуктады да, калпак жөнүндө уламыш жана тарыхына токтолуп кетти. Кыргыз өмүрү 40- 35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын өмүрү да дал ошондой, ак калпак кыргыз элибиздин символу, ата-бабабыздан калган мурас, биздин баш кийим ар муунга арналган кийизден жасалып, кышкысын сууктан сактап, ысыкта күн өткөрбөй коргоп турарын, ошондой эле кыргыз элин тааныта турган өзгөчөлүгү бул калпагыбыз жана тилибиз деп белгиледи. Калпакты башыбыздан түшүрбөй, ар бир кыргызга жарашат, даңтап жүрөлү деп үгүттөп кетти.

Андан кийин гимназиянын окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерт болду, кыздар кыргыз бийин бийлеп, ак калпак түрлөрүн көрсөтүшүп, өздүк чыгармаларын көркөм окушуп, комуздун коштоосу менен ырларды аткарышып, соңунда маалыматтар техгологиялар колледжинин студенти «Кыргызстан» деген ыры менен салтанаттуу кечени жапты.

* * *

2017-жылдын 12-декабрь күнү КУУ чоң жыйындар залында кыргыз элибиздин залкар жазуучусу, ойчулу Чынгыз Айтматовдун туулганынын 89-жылдыгына жана анын чыгармачылыгына арналган эскерүү кечеси өткөрүлдү. Жыйындын сыйлуу коноктору венгриялык белгилүү алтаист, тюрколог, монголист, этнограф жана котормочу Давид Шомфаи Кара мырза жана анын кесиптеши этнограф Шанта Ишван мырзалар болушту.

Ч. Айтматов тууралуу видео көрсөтүп бүткөндөн кийин, С. Тиллебаев агай Ч. Айтматовду эскерип, жашө турмушу жана чыгармачылыгына токтоп кетти. Андан соң Венгриядан конокторун сахнага чакырды. Алар дагы Ч. Айтматов менен болгон жолугушуулар, анын чыгармачылыгы  тууралуу айтып беришти, ошондой эле студенттердин суроолоруна жооп беришти. Кеченин дагы бир коногу болуп, Алыкул Осмоновдун үй-музейинин директору Памирбек Казыбаев болду. Кеченин катышуучуларын бүгүн Кыргызстанда_белгиленип жаткан "Адабият күнү" менен чын жүрөктөн куттуктады. Анын айтымында, 12-декабрь - кыргыз адабиятындагы эки залкардын өмүрү менен байланышкан дата: эгер 1950-жылдын 12-декабрь күнү улуу акыныбыз Алыкул Осмонов дүйнөдөн өтсө, 1928-жылдын 12-декабрында кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн. Ушул 2 датаны негиз кылып, жазуучулар союзунун сунушу менен 12-декабрь бир канча жылдан бери "Адабият күнү" деп белгиленип келет.

Гимназиянын окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа болду, Ч. Айтматовго арналган өздүк чыгармалар окулду, «Саманчынын жолу», «Ак кеме» чыгармаларынан үзүндүлөрү коюлду, комуз чертилип жана соңунда«Ысык-Көлдү сагынуу» ырын аткарып беришти.

1

2

3

4

* * *

2017-жылдын 1 - декабрь күнү Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин алдындагы Гимназияда 9 – декабрь эл аралык коррупцияга каршы күнгө арналган тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чара Гимназияда өтүп жаткан Тарых, Адам жана коом жумалыгынын алкагында жана коррупцияга каршы жумалыгынын алкагында 10 жана 11 - класстардын арасында өттү.

Коррупция деген сөздүн кайдан келип чыгышы, таралышы, коомго тийгизген терс көрүнүштөрү, кайсы тармактарда көбүрөөк өнүгүшүн жана аны кандай жол менен түп тамырынан арылтсак деген меселелердин үстүнөн кызуу маек курушту. Ошондой эле окуучулар плакаттардын, көрсөтүлгөн видео тасманын үстүнөн да талкуу жүргүзүштү.

Соңунда коррупциянын үстүнөн сот процессин өткөрүшкөн сценкасын абдан сонун кылып даярдашты.

1

3

* * *

9 февраля 2018 года на факультете переподготовки и повышения квалифкации кадров прошла встреча с Председателем Народного совета немцев Кыргызстана господином Валерием Исидоровичем Диль и учащимися 10-11 классов гимназии, изучающие немецкий язык.

Декан факультета Шамшиев А.Б. рассказал о трудовой деятельности г-на Диль и о гимназии.

В.И. Диль в свою очередь рассказал присутствующим об интересных фактах  из истории немцев Кыргызстана, о деятельности Народного совета немцев Кыргызстана, о сотрудничестве с Посольством Германии, о Кыргызско-Немецком доме.

Он отметил, что в Бишкеке осталось всего 6 школ с немецким языком,  поблагодарил, что учащиеся выбрали его родной язык. К сожалению, немецкий язык потерял свою значимость в обществе, в связи с развитием компьтерных технологий на английском языке, а также китайский язык становится мировым языком это связано с ростом экономического развития, восстребованностью знания этого языка. Хотя больше половины Европы говорит на немецком языке, это и Дания, Швейцария, Австрия и т.д. Диль отметил знать язык – это богатство, любого языка.

Валерий Исидорович также остановился на немецком факультете при Кыргызском государственном техническом университете им. И. Раззакова и рассказал как он создавался и как функционирует.

Совмество с Посольством Германии и институтом Гёте проводят различные семинары для преподавателей и учащихся Бишкека.

В конце встречи г-н Диль пообещал в гимназии открыть класс немецкого языка, обеспечить учебным и материально-техническим материалом, предоставить волентера – носителя языка для полноценного изучения и развития навыков немецкого языка, производить обмен между учащимися, появится возможность и для преподавателей проходить курсы по повышению квалификацию в Германии.

Пригласил всех в Кыргызско-Немецкий дом для дальнейшего сотрудничества, развития и изучения немецкого языка, получить больше информации об истории и культуре, о традициях и обычаях немецкого народа.

1

2

* * *

1-декабрь СПИДке каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 2017-жылдын 27-ноябрь күнү 6 окуу корпусунда Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин Маалыматтык технологиялар колледжинин студенттери жана Гимназиянын окуучулары ИИМдин наркотикке каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Субаналиев, СПИД борборунун врач-наркологу Елена Бородина менен жолугушуу өткөрүлдү.

Акыркы мезгилде жаштардын тамеки же насвай чегүүсүн көрөбүз, алардын көпчүлүгү натыйжасы кандай болоорун билбестир, ошону алдын алуу үчүн атайын чакырылган коноктор менен жолугушуу өткөрүп, СПИДдин жугуу жолдору, тамеки чегүүнүн, насвайдын зыяндуулугу жана спайс тууралуу маалымат берип кетишти.

Елена Бородина лекциясын окуп, ошондой эле тажрыйбасында болгон жашоодон алынган «тирүү» мисалдарын келтирип турду. Лекция аябай кызыктуу болгондуктан, соңунда студенттер жана окуучулар ар кандай суроолорду беришип, коноктордон жооп алышты.

1

2

3

* * *

2018-жылдын 15-февралында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацисын жогорулатуу факультетинде Советтик аскер жоокерлерин Афганистандан алып чыгышынын 29 - жылдыгы белгиленди. Афган согушунда катышып келген жоокерлер келип, Гимназиянын окуучулары даярдаган чакан концертине кубо болушту.

Окуучулардын ырлары, оздук чыгармалары, сценкалары коноктордун журокторуно тийип, эски жараларын козгошту, концерттин сонунда жоокерлер факультеттин, гимназиянын жетекчилигине, ошондой эле окуучуларга чон ыраазычылык билдиришти.

1

2

3

4

5

6

7

* * *

16-21 февраля 2018 года в г. Москва прошел Международный турнир по традиционному ушу «Московские звезды ушу-2018», где сборная команда Кыргызстана завоевала 8 золотых, 5 серебряных и 5 бронзовых медалей. В составе сборной команды КР успешно выступил и ученик 11 класса гимназии КНУ Козубеков Жанболот.

В соревнованиях приняли участие 700 спортсменов из России, Китая, Франции, Казахстана, Италии, Кыргызстана, Индии и других стран. Были продемонстрированы различные стили современного и традиционного направлений боевого искусства ушу, без оружия и с различными видами оружия.

Команда спортсменов КР завоевала 8 золотых, 5 серебряных и 5 бронзовых медалей. Особо отличились подающие большие надежды спортсмены: Козубеков Жанболот (ученик 11 класса гимназии КНУ), Мусаев Азирет, Мусаев Адил, — говорит директор НЦДЮ “Сейтек” Сабийра Муслимовна.

Международный турнир «Московские звезды ушу - 2018» стал еще одним этапом отбора на предстоящий чемпионат мира.

Жанболот, коллектив КНУ желает тебе дальнейших достижений в спорте и в учебе!

IMG 20180221 190324 015

IMG 20180221 190324 016

IMG 20180221 190324 020

* * *

2018-жылдын 26-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин алдындагы гимназия тарабынан "21-февраль - Эне тилдин эл аралык күнүнө" жана чет тилдер декадасынын жабылышына арналган салтанаттуу концерт өткөрүлдү.

Сценарий боюнча гимназияга 6 өлкөдөн келген коноктор англис, немис, француз, кытай, жапон жана түрк тилдеринде өз өлкөсүнүн каада-салттарын жана маданиятын чагылдырган прензентацияны тартуулашып, ыр, бийлерди, сценкаларды аткарышты жана улуттук кийимдерди көрсөтүштү.

Жыйындын соңунда гимназия башчысы Гулназ Нуралиева жана Концуфий институтунун кытай тараптан директору Ан Дэюань окуучуларга ийгилик каалап, чет тилдерин, о.э. эне тилин окуп-үйрөнүүгө чакырышты.

01

02

03

04

05

06

07

08

09

10

Продолжение следует ...