Среда, Мая 08, 2024

КУУда 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде

2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы

Киришүү

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы (мындан ары – Программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, 2015-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясына, ошондой эле Кыргыз Республикасында полимаданий жана көп тилдүү билим берүү концепциясына ылайык иштелип чыкты.

2015-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүү жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү Кыргызстандын элинин биримдигинин негизги фактору болуп эсептелет. Ошону менен бирге Улуттук университетте мамлекеттик тилди билүү Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын парзы жана милдети болууга, анын коомдук турмушка активдүү катышуусун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктаган стимул болууга тийиш.

Бул Программаны ишке ашыруу боюнча практикалык натыйжаларга жетишүү үчүн Улуттук университеттин бардык түзүмдѳрүнүн   иш-аракеттерин күчөтүү зарыл.

Программада белгиленген максаттар жана милдеттер Кыргыз улуттук университетинде 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын максаттуу индикаторлоруна жетишүү аркылуу ишке ашырылат.

Маселенин азыркы учурдагы абалына анализ

Кыргыз   Республикасынын   Президентинин   2013-жылдын   1-июлундагы (ПЖ № 155) Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча токтомдорун, Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечимдерин турмушка ашырууда Кыргыз улуттук университетинин   факультеттери, бөлүмдөрү жана башка структуралары тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Университеттин окуутучулук- профессорлук курамы, кызматкерлери жана студенттери тарабынан мамлекеттик тилдин мааниси, аны келечекте өнүктүрүү маселеси түшүнүү менен кабыл алынып, колдоо таап жатат. Университеттин профессор-окутуучулук курамынын күчү менен 100дөн ашык окуу китептери жана окуу куралдары мамлекеттик тилде жарык көрдү. Айрым адистиктер боюнча окуу пландары жана жумушчу программалар мамлекеттик тилде даярдалды.   КУУда иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү этап менен ишке ашырылууда. КУУнун айрым структуралык бөлүмдөрүнүн окутуучулары жана кызматкерлери мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча атайын курстардан өтүшкѳн. Бирок мамлекеттик тилди турмушка ашыруу боюнча ушундай алгылыктуу иштер жүрүп жатканына карабай, Кыргыз улуттук университетинин   факультеттеринде, бөлүмдөрүндө, ошондой эле структуралык тармактарында мамлекеттик тилди турмушка ашыруу боюнча системалуу түрдө иш жүрүзүлбөй жатат.

Мамлекеттик тил маселесине   факультеттердин жана структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери кээде, зарыл учурда гана көңүл бурушат. Ошондуктан студенттер мамлекеттик тилдин маанисин толук түшүнө албай жатышат.

Кыргыз филологиясы, тарых жана чѳлкѳм таануу факультеттеринен башка факультеттерде мамлекеттик тилде студенттерге лекциялар 1-2-курстан кийин окулбайт. Анткени кыргыз топтор тилекке каршы кыскарып же жоюлуп кетип жатат. Мамлекеттик тилдеги лекция фондулары жокко эссе. Мамлекеттик тилди пропагандалоо жана өнүктүрүү боюнча иш чаралар конференция жана концерт түрүндө гана болууда. Окумуштуулар кеңешинин иши жана иш кагаздары мамлекеттик тилге өтө элек. Окуу башкармалыгында, кадрлар бѳлүмүндѳ, бухгалтерияда иш кагаздар толугу менен расмий тилде гана жүргүзүлгѳндүгүнѳ байланыштуу түзүмдѳргѳ жиберилген иш кагаздарынын жообу расмий тилде жазылат.

Кыргыз улуттук университетинде мамлекеттик тилди студенттерге окутууда жаңы инновациялык ыкмалар, методдор колдонулбай жатат. Орус тилиндеги мектептерди бүтүрүшкөн студенттер үчүн мамлекеттик тилди окутууда типтүү, бирдиктүү программа жок. Аталган маселелердин бардыгы кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутууда, иш жүргүзүүдѳ кедергисин тийгизип жатат. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө жана окутулушуна болгон жаңыча көз карашты мезгил талап кылып жатат. Өзгөчө мамлекеттик тилди окутууда жаңы ыкмаларды, методдорду колдонуу мезгил талабы. Кыргыз тил сабагын окутууда: аудиовизуалдык, дедуктивдик, индуктивдик, изилдөөчүлүк, аудиолингвалык, коммуникативдик, лекциялык, проблемалык талдоо, түшүндүрмө-иллюстративдик, байкоо, конкреттүү кырдаалдык, суроо-жооп, ой калчоо, сынчыл ойлом методдорун ирээтүү колдонгондо гана каалаган натыйжаны алып, максатка жете алабыз.

Программанын максаты

Мамлекеттик тилди Улуттук университетте жайылтуу үчүн жогоруда аталган кемчилдиктерди эске алып, программа тѳмѳнкү маселелерди иш жүзүнѳ ашыруу максатын кѳздѳйт:

  • Улуттук университеттин жалпы түзүмдөрүндөгү бардык деңгээлдеги иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү;
  • Билим берүү стандарттарындагы, типтүү жана жумушчу окуу пландарындагы окуу дисциплиналарын кыргыз тилинде окутуунун санын жана сапатын жакшыртуу, ошондой эле курстук, дипломдук, магистрдик иштерди мамлекеттик тилде жазууну өркүндөтүү;
  • Факультеттердеги кыргыз топторунун жоюлбай лекциялык, практикалык сабактардын мамлекеттик тилде   окутулушу;
  • Окуу-методикалык колдонмолор менен окуу китептеринин кыргыз тилинде чыгаруу;
  • Кѳрнѳк-жарнактардын алгач мамлекеттик тилде берилиши;
  • Кандидаттык жана докторлук диссертацияларды мамлекеттик тилде жазууну өркүндөтүү;
  • Бүтүрүүчүлөр үчүн кыргыз тили предметинен мамлекеттик сынак киргизүүгѳ жетишүү;

Программаны иш жүзүнѳ ашыруудагы милдеттер

I. Окуу иштери

Мамлекеттик тилди билбеген КУУнун окутуучу – профессорлор курамына жана кызматкерлерине мамлекеттик тилди үйрөтүү максатында   кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу.

КУУнун ар бир факультетинде адистигинде окутулган сабактардын типтүү окуу программаларын, окуу пландарын, окуу-методикалык куралдарын 2017-жылга чейин мамлекеттик тилде даярдап чыгаруу.

КУУнун ар бир факультетинде адистикти мамлекеттик тилде окутууну 2020-жылга чейин эки этапта жүргүзүү (1-этап – 2015-2017-жылдар, даярдык көрүү мезгили, 2-этап – 2018-2020-жылдар, ишке ашыруу мезгили).

КУУнун бардык структураларындагы адистиктерге мамлекеттик тилде окутууну камсыз кылуу максатында 2020-жылга чейин эки этапта лекциялардын фондусун түзүү, сабактардын жумушчу программаларын иштеп чыгуу. (1-этап – 2015-2017-жылдар, даярдык көрүү мезгили, 2-этап – 2018-2020-жылдар, ишке ашыруу мезгили).

II. Окуу-методикалык иштер

КУУнун бардык структураларында коомдук, табигый, так илимдерди мамлекеттик тилде окутуунун методикасын 2018-жылга чейин иштеп чыгуу, өркүндөтүү.

Ар кайсы адистикти мамлекеттик тилде окутуу боюнча инновациялык технологияны киргизүүнү 2018-жылга чейин уюштуруу.

III. Илимий иштер

Улуттук университеттин түзүмдѳрүндѳ өздөрүнө тиешелүү адистикти мамлекеттик тилде окутуу маселесине байланыштуу илимий-изилдөө иштерин активдүү жүргүзүү.

Окуу жайдагы жаш изилдөөчүлөрдүн, аспиранттардын мамлекеттик тилде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүсүн колго алуу. Диссертациялардын, авторефераттардын, илимий монографиялардын мамлекеттик тилде жазылышына артыкчылык берилип, колдоо көрсөтүү.

Гуманитардык, табигый жана так илимдер боюнча окуу китептерин, окуу куралдарын ж.б. усулдук материалдарды мамлекеттик тилде жазууну уюштуруу.

Илимий терминдерди, түшүнүктөрдү колдонууну жөнгө салуу, белгиленген тартипте аларды стандартташтыруу жана унификациялоо боюнча, билимдин ар түрдүү тармактарынын адистеринен жана лингвисттерден турган   терминологиялык комиссия менен бирдиктүү иш алып баруу;

Табигый-техникалык, гуманитардык, социалдык илимдердин эки жана көп тилдүү терминологиялык сөздүктөрүнүн кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, анын ичинде авторлордун макулдугу менен Интернет аркылуу жайылтуу;

Аспиранттар менен изденүүчүлөр үчүн кандидаттык минимумдарды тапшырууда мамлекеттик тил боюнча сынакты киргизүү;

Билимдин ар түрдүү тармактары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонуу;

Окуу жайда илимий изилдөөлөрдү милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде аннотациялоону киргизүү жана аларды илимий китепкананын,Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ачык Интернет порталына жайгаштыруу;

Улуттук университеттин Интернет порталында мамлекеттик тилдеги илимий адабияттардын фондун түзүү;

Табигый-техникалык, гуманитардык жана социалдык дисциплиналар боюнча мамлекеттик тилде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, диссертацияларды жактоого колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү.

IV. Практикалык иштер

КУУнун административдик башкаруу тармагында жана бардык структураларында иш кагаздарын 2020-жылга чейин 2 этапта мамлекеттик тилде жүргүзүүгө жетишүү. 1-этап – 2015-2017-жылдар, тиешелүү иш кагаздарын, документтерди, көрсөтмөлөрдү, жоболорду мамлекеттик тилде даярдоого жетишүү. 2-этап – 2018-2020-жылдар, КУУнун бардык структураларында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү мезгили.

КУУнун бардык структураларында окутуучу-профессорлор жана студенттер арасында Мамлекеттик тилди үгүттөө, пропагандалоо иштерин активдүү уюштуруу.

Адистерди мамлекеттик тилде даярдоонун көйгөй маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияларды, методологиялык семинарларды, кеңешмелерди, тегерек үстөлдөрдү, тренингдерди уюштуруу.

КУУнун ар бир структурасында өз адистигине байланыштуу мамлекеттик тилде жарык көргөн окуу китептеринин, окуу куралдарынын, методикалык көрсөтмөлөрдүн, лекция текстеринин, сөздүктөрдүн электрондук вариантын иштеп чыгуу, аталган багытта электрондук китепкана жана электрондук маалымат банкын түзүү.

КУУнун бардык структураларында окуу китептерин мамлекеттик тилде жазган жана илимий иштерин активдүү жүргүзгөн окумуштуулар менен жолугушууларды, мастер-класстарды уюштуруу, тажрыйба алмашуу иш-чараларын өткөрүү.

КУУнун бардык структураларында адистиктер боюнча илимий талкууларды конференцияларды мамлекеттик тилде жүргүзүүнү колго алуу.

Күтүлгөн натыйжалар

2017-жылдан баштап университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли жогорку деңгээлге туура келиши;

- студенттердин кесиптик билимди мамлекеттик тилде алууга кепилдигин камсыз кылуу;

- расмий жана башка тилдерде билим берүү менен катар эле мамлекеттик тилде кесиптик билим берүү системасын калыптандыруу;

- билимдин атайын чөйрөлөрүндө активдүү колдонуу үчүн кыргыз тилинин илимий-билим берүүчүлүк стилин калыптандыруу.

көп тилди билген жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистердин жаңы муунун өстүрүү;

КУУнун   факультеттеринде жана бардык тармактарында мамлекеттик тилдин эркин иштеши;

Иш кагаздарынын мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлүшү;

Мамлекеттик тилде жарык көргөн окуу китептеринин, окуу куралдарынын электрондук вариантынын жазылышы, аталган багытта электрондук китепканалардын түзүлүшү;

Мамлекеттик тил маселеси боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү жолго коюу ж.б. сыяктуу натыйжалар күтүлөт.  

Программаны ишке ашыруу механизми

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Программаны ишке ашыруу механизми жыл сайын белгиленүүчү иш чаралардын аткарылышы аркылуу ишке ашырылууга тийиш. КУУнун бардык түзүмдѳрү жыл сайын мамлекеттик тилди турмушка ашыруу боюнча иш чараларды, пландарды иштеп чыгууга милдеттүү. Ал иш чараларды жана пландарды мамлекеттик тил боюнча проректор   бекитет. Мамлекеттик тилди турмушка ашыруу боюнча жогорудагы иш чаралардын аткарылышы   факультеттердин жетекчилерине милдеттендирилет.

Координациялоо, көзөмөлдөө жумушу КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректоруна, мамлекеттик тил бѳлүмүнѳ жүктөлөт.

Программаны каржылык жактан колдоо

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Программаны каржылык жактан колдоо университеттин эсебинен, гранттардын, демөөрчүлөрдүн ж.б. каржылык булактардын эсебинен жүргүзүлөт.