Среда, Мая 08, 2024

КУУнун 22015-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жол картасы

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

2015-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жол картасы

Иш-чаралардын аталышы

Негизги карала турган маселелер

Ким уюштурат, кимдер аткарат

Күтүлгөн жыйынтык

Аткаруу мөөнөтү

I. Уюштуруу маселелери

1

Улуттук университеттин   жалпы түзүмдөрүндөгү бардык деңгээлдеги иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык иш кагаздарын толук түрдө мамлекеттик тилге өткөрүү

Ректорат, проректорлор, бөлүмдөр, департаменттер, факультеттер, кафедралар, колледждер, лицей ж.б.

Улуттук университет атына заты жарашып, толук түрдө мамлекеттик тилде иш жүргүзөт.

2015-2020-жылдар

2

КУУнун бардык структураларында окутуучу-профессорлор жана студенттер арасында Мамлекеттик тилди үгүттөө, пропагандалоо иштерин активдүү уюштуруу.

Мамлекеттик тилде баарлашууга, жазууга. сүйлѳѳгѳ үндѳѳ.

Ректорат, проректорлор КУУнун бардык структураларынын жетекчилери, кафедра башчылары

Улуттук университетте окутуучу-профессорлор жана студенттер кыргыз тилинде эркин сүйлѳшүүгѳ жетишет.

2015-2020

3

Улуттук университеттин   факультеттеринде, колледждеринде жана лицейлеринде мамлекеттик тилди окутуунун сапатын өркүндөтүү

Окутууну төмөнкүдөй методологиялык багыттарда жүргүзүү: тилди студенттердин өз ара карым-катышынын (коммуникация) куралы катары үйрөтүү; тилди улуттук маданиятты таануунун каражаты катары үйрөнүү (таанытууучу лингвистика, т.а. лингвоөлкө таануу багыты); тилди студентти өнүктүрүүнүн куралы катары үйрөтүү; тилди студенттин социалдык-турмуштук талабын канааттандыруу куралы катары үйрөтүү; тилди чөйрө менен социалдашуунун каражаты катары үйрөтүү.  

Окуу-методикалык комплекстерди даярдоону өркүндөтүү.

Мамлекеттик тил     боюнча проректор, мамлекеттик тил бөлүмү, мамлекеттик тил кафедрасы, факультеттердин тилдер кафедралары

Студенттердин, болочоктогу адистердин мамлекеттик тил боюнча компетенциясы өркүндөйт

2015-2017-жылдар

4

Билим берүү стандарттарындагы, типтүү жана жумушчу окуу пландарындагы   окуу дисциплиналарын кыргыз тилинде окутуунун санын жана сапатын жакшыртуу, ошондой эле курстук, дипломдук, магистрдик иштерди мамлекеттик тилде жазууну өркүндөтүү

Окутуучу-профессорлордун окуу дисциплиналарын кыргыз тилинде окутуу билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү.   Кыргыз тилинде окутулган дисциплиналардын санын көбөйтүү, сапатын жакшыртуу максатында инновациялык технологияларды активдүү колдонуу.

КУУнун түзүмдөрүнүн жетекчилери, окутуучу-профессорлор

Билим берүүнүн мазмуну кыргыз тилинде уюштурулат, болочоктогу адистин илимий жана практикалык ой жүгүртүүсү мамлекеттик тилде калыптанат

2012-2017-жылдар

5

Окутуучу-профессорлордун квалификациясын жогорулатуу.

Окутуучу-профессорлордун квалификациясын жогорулатууну уюштурууда жаңы инновациялык формаларды табуу. Окутуучу профессорлордун квалификациясын жогорулатууга грант, инвестиция тартуу. Болон процессинин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.

Ректорат,  

декандар

Окутуучу-профессорлор квалификациясын өз убагында жогорулатууга жетишет.

2012 – 2017- жж.

6

КУУнун бардык структураларында жаш изилдөөчүлөрдүн, аспиранттардын мамлекеттик тилде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүсүн колго алуу. Диссертациялардын, авторефераттардын, илимий монографиялардын мамлекеттик тилде жазылышына артыкчылык берилип, колдоо көрсөтүү.

Илимий изилдөөнүн методологиясынын, принциптеринин, методдорунун, категорияларынын жана системасынын кыргыз тилинде калыптанышына негиздерди түзүү.

Илимий иштер боюнча проректор, аспирантура жана докторантура бөлүмү, кафедралар.

Илим мамлекеттик   тилде өнүгөт. Окумуштуулар кыргыз тилинде даярдалат.

2016-2018-жылдар

7

Адистерди мамлекеттик тилде даярдоонун көйгөй маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияларды, методологиялык семинарларды, кеңешмелерди, тегерек үстөлдөрдү, тренингдерди уюштуруу.

Болочок адис эртеңки күнү шаарда же элет жергесине барганда ѳз адистигин кыргыз тилинде да билүүгѳ шарт түзүү.

Ректорат, проректорлор, КУУнун бардык структураларынын жетекчилери, кафедра башчылары

Болочоктогу адистин илимий жана практикалык ой жүгүртүүсү мамлекеттик тилде калыптанат

2015-2020

8

Мамлекеттик тилди билбеген КУУнун окутуучу – профессорлор курамына жана кызматкерлерине мамлекеттик тилди үйрөтүү максатында кыска   мөөнөттүү курстарды уюштуруу.

Кыргыз тилин баштоочу, улантуучу топторго бѳлүп окутуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазууга үйрѳтүү.

КУУнун бардык структураларынын жетекчилери, проректорлор

КУУнун окутуучу – профессорлор курамы жана кызматкерлери мамлекеттик тилде сүйлѳй алат, иш кагаздарын жаза алат.

2015-2017-жылдары

9

КУУнун ар бир структурасында өзүлөрүнүн адистигинде окутулган сабактардын типтүү окуу программаларын, окуу пландарын, окуу-методикалык куралдарын 2018-жылга чейин мамлекеттик тилде даярдап чыгаруу.

Ар бир адистик боюнча типтүү программаны түзүүдѳ жана окуу-методикалык куралдарды мамлекеттик тилде даярдоодо кесиптин ѳзгѳчѳлүгүн эске алуу.

КУУнун бардык структураларынын жетекчилери, проректорлор

Ар бир адистик боюнча мамлекеттик тилде типтүү программа, окуу куралдары даяр болот.

2015-2016

10

КУУнун ар бир структурасында адистикти мамлекеттик тилде окутууну 2020-жылга чейин эки этапта жүргүзүү (1-этап – 2015-2017-жылдар, даярдык көрүү мезгили, 2-этап – 2018-2020-жылдар, ишке ашыруу мезгили).

Даярдык кѳрүү мезгилинде адистиктер боюнча материал топтоо,аны басмадан чыгаруу. Ишке ашыруу мезгилинде мамлекеттик тилде даяр болгон типтүү программалар жана окуу куралдарын кенен колдонуу.

КУУнун бардык структураларынын жетекчилери, проректорлор

КУУдагы бардык адистиктерди мамлекеттик тилде окута алабыз жана студенттер менен окутуучу-профессорлор мамлекеттик тилде жазылган окуу куралдарын кенен колдонууга шарт түзүлѳт.

2015-2020

11

КУУнун бардык структураларында коомдук, табигый, так илимдерди мамлекеттик тилде окутуунун методикасын 2018-жылга чейин иштеп чыгуу, өркүндөтүү.

Табигый жана так илимдери боюнча лекцияларды, практикалык сабактарды мамлекеттик тилде даярдоо.

КУУнун бардык структураларынын жетекчилери, проректорлор

Лекциялар кыргыз тилинде даярдалып, студенттер мамлекеттик тилде кенен билим ала алышат.

2015-2020

12

КУУда окутулган адистикти мамлекеттик тилде окутуу боюнча инновациялык технологияны киргизүүнү 2018-жылга чейин уюштуруу.

Инновациялык технологиянын, принциптеринин, методдорунун, категорияларынын жана системасынын кыргыз тилинде калыптанышына шарт түзүү.

КУУнун бардык структураларынын жетекчилери, проректорлор

Заманбап технологиянынпринциптери жана методдору кыргыз тилинде ѳтүлѳт.

2015-2017

13

Гуманитардык, табигый жана так илимдер боюнча окуу китептерин, окуу куралдарын ж.б. усулдук материалдарды мамлекеттик тилде жазууну уюштуруу.

Гуманитардык, табигый илимдер боюнча окуу куралдарын заманбап технологияларды колдонуп, жаңы муундун үлгүсү менен иштѳѳгѳ негиз түзүү.

КУУнун бардык структураларынын жетекчилери, проректорлор

Гуманитардык, табигый жана так илимдер боюнча окуу китептери, окуу куралдары мамлекеттик тилде даяр болот..

2015-2018

15

КУУнун ар бир структурасында өз адистигине байланыштуу мамлекеттик тилде жарык көргөн окуу китептеринин, окуу куралдарынын, методикалык көрсөтмөлөрдүн, лекция текстеринин, сөздүктөрдүн электрондук вариантын иштеп чыгуу, аталган багытта электрондук китепкана жана электрондук маалымат банкын түзүү.

КУУнун башкы имаратында жайгашкан мамлекеттик тилдеги окуу залына окуу куралдарынын электрондук вариантын жайгаштыруу.

КУУнун бардык структураларынын жетекчилери, проректорлор

КУУда мамлекеттик тилде электрондук китепкана иштей баштайт.

2015-2020