Шаршемби, Май 08, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Жалпы маалымат (20.01.2020 жаңыланды)

Илимий китепкана (ИК) 1932-жылы М.В.Фрунзе атындагы Кыргыз педагогикалык институтунун базасында түзүлгөн.

Илимий китепкана жаңыдан иштей баштаганда Москва, Ленинград жана СССРдин курамына кирген башка чон-чон шаарлардын жогорку окуу жайлары жана илимий ишканалары жардам беришип, 1941-жылы китепкананын китеп фонду  134 мин нусканы түзгөн.

1951-жылы китепкана Одессадагы, Киевдеги, Харьковдогу, Казахстандагы жана Томксидеги жогорку окуу жайларынан, андан башка Армениянын, Грузиянын, Озбекстандын жана Украинанын илимдер Академиясынан окуу, илимий жана корком адабияттарды белекке алган.

Бүгункү кундө, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий китепканасы-университеттин түзүмүндөгү мамлекеттик ишкана болуп, Илимий китепкана жөнүндөгү Жобонун негизинде иш алып барат.

Китепкананын негизги иш багыттары:

  • окуу-билим процессин камсыз кылуу жана өнүктүрүү;
  • китеп фондун комплектөө жана сактоо;
  • библиотека-библиографиялык каталогдорду жүргүзүү;
  • китепкана менен пайдалануучулардын маалыматтык керектөөчүлөрүн канааттандыруу максатында компьютердик технологияны пайдалануу

2020-жылдын 1-январына карата:

  • Фонддо сакталган адабияттардын саны - 954 593 нуска
  • Каттоого алынган окуучулардын саны - 17 070 адам

Китепкананын фонду 8 окуу корпустарында жайгашкан, анын түзүмундө 526 орунду камтыган 9 абонементтик жана 11 атайын окуу залдары бар.

Китепкананын фондун комплектөө окуу жана башка адабияттарды жеке авторлордон, китеп сатуучу ишканалардан сатып алуу жөнундө Жобонун негизинде жүргүзүлөт. Комплектөөнүн негизги булагы болуп журналдарга, республикалык жана чет элдик басылмалардын гезиттерине жылдык жазылуу болуп эсептелет.

Китепкананын компьютердик паркы-бекер Wi-Fi бар, интернетке кошулган 74 компьютерден, офистик комбайндан (3x1), окуу жана билим алуу материалдарын сканерден өткөрүп, печать кылуучу 4 принтерден турат. Китепкана колдонуучулар аудио материалдарын угуп, көрмө материалдарын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, андан башка лекция, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө колдонууга проекторлор, экрандар бар.

Китепкана заманбап компьютердик-маалымат технологиясын иш жүзүнө ашырууда жана ишке киргизүүдө да активдуу жумуштарды алып барат. 2006-жылдан бери «ИРБИС-64» деген автоматташтырылган маалымат-китепкана системасы иштеп келет. Китепканада иштегендер учун автоматташтырылган жумуш орундар, интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар локалдык сеттер уюштурулган. Китепканага келип түшкөн бардык документтерди автоматтык түрдө териштирүү иштери түзүлүүдө жана электрондук каталог  түзүлгөн.

www.lib.knu.kg Интернет баракчасында китепкана боюнча негизи толук маалыматтарын камтылып, китепкананын түзүмүн жана негиздерин, китепкана жөнүндө колдонуу эрежелерин, ошондой эле алыскы режимде жеткиликтүү электрондук каталог жана электрондук ресурстар үчүн бардык зарыл шилтемелер

Китепкананын электрондук каталогунда 01.01.20 карата 29 740 библиографиялык жазуу бар.

Электрондук каталог төмөндөгү маалымат базалары боюнча түзүлгөн.(МБ):

  • МБ «Китептер»
  • МБ «Диссертациялар жана авторефераттар»
  • МБ «КУУнун жарчысы»
  • МБ «КУУнун окумуштууларынын эмгектери»
  • МБ «КУУнун тарыхы»
  • МБ «Журналдар»
  • МБ «Гезиттер»

Электрондук каталогдон издөө үчүн:

  • Локалдык режимде китепкананын окуу залдарында жана « Интер Билим» компьютердик залында
  • Алыскы режимде электрондук каталогдон маалымат издөө үчүн КУУнун Илимий китепканасынын веб-сайт http://lib.knu.kg интернет баракчасынан

01.01.2020 баштап Электрондук китепкана төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • EBS IPRbooks толук тексттүү басылмалардын электрондук китепкана бөлүмүнүн жыйынтыктары 128 000 окуу китептерди, 4 000 журналдарды камтыйт
  • 73 окуу китептерин жана окуу-методикалык колдонмолору электрондук каталогго тиркелген
  • 360 компакт- дискте жайгаштырылган 602 илимий жана окуу электрондук толук тексттүү документтер
  • Дүйнөдөгү алдынкы компанияларынын, 13 ата мекендик жана чет өлкөлүк электрондук маалымат ресурстарынын маалымат базаларына акысыз кирүү
  • Интернеттен билим берүү , илимий жана билим берүү ресурстарын, ошондой эле санариптик китепканаларга шилтемелер.

КУУнун китепканасы электрондук китепканалар жана жаңы маалымат технологиясын колдоонучулардын Эл аралык Ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат (ЭКЖМТ). Кыргызстан китепкана-маалымат Консорциумасы (КМК), Электрондук китепканалар Ассоциациясы (ЭКА)

Китепкананын доолборлорго катышуусу:

  • 2014-2015: «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосунда болуп өткөн «Билим берүүнүн ресурстарынын ачылышы: Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жаңы реалдуулугу»http://www.kyrlibnet.kg/
  • 2009-2010: Европа комиссиясынын билим жана маданият боюнча Башкы дирекциясынын колдоосунда өткөн «Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы китепканалардын маалыматтык ресурстарын бириктирүү»http://kyrlibnet.kg/
  • 2008-2009: Кыргыз Республикасындагы АКШ мамлекетинин посольствосу жана АКШ нын улуттук департаментинин маданиятты сактоо фондунун колдоосундагы «Кыргызстандын китеп эстеликтеринин коллекциясын сактоо жана ага жетүүнү камсыздоо».http://www.rarebooks.net.kg